Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:37

Евробиримдик Навалныйдын өлүмү боюнча эл аралык иликтөөнү талап кылды


Юлия Навальная жана Жозеп Боррел.
Юлия Навальная жана Жозеп Боррел.

Европа Биримдиги Орусиядан Алексей Навальныйдын өлүмү боюнча көз карандысыз жана ачык-айкын эл аралык иликтөө жүргүзүүнү талап кылды.

Евробиримдик Орусиянын саясий жетекчилерин жоопкерчиликке тартууга бардык күчүн жумшайт, анын ичинде жаңы санкциялар дагы киргизилет. Бул тууралуу шаркеттин тышкы иштер мекемесинин жетекчиси Жозеп Боррелдин билдирүүсүндө айтылат.

Ал Евробиримдиктин атынан Навалныйдын өлүмүнө нааразылыгын билдирип, буга президент Владимир Путин жана орус бийлиги жоопкерчиликтүү экенин билдирди.

Дүйшөмбүдө Жозеп Боррел Евробиримдиктин Кеңешинде сүйлөп жатып, Алексей Навальныйдын жесири Юлия Навальная, балдары, достору, тилектештерине көңүл айтты. Европа Биримдиги Орусияны учурда камакта жаткан башка саясий туткундарды боштууга дагы бир жолу чакырды.

16-февралда Орусиянын Федералдык жаза аткаруу кызматы Алексей Навальныйдын каза болгонун расмий жарыялаган. Мекеменин маалыматында Навальный сейилдеп келгенден кийин өзүн начар сезип, дароо эсин жоготкону айтылган.

Апасы Харп кыштагына эртеси күнү барганына карабастан уулунун сөөгүн көрө албай жатканы кабарланууда.

47 жаштагы Навальный камакта 2021-жылдын январь айынан бери отурган. Былтыр августта ал “экстремисттик ишмердүүлүк менен алектенген уюмду негиздөө жана каржылоо” деген кине менен 19 жылга эркинен ажыратылган. Буга чейин “Ив Роше” иши боюнча айыпталып, тогуз жылдык жазасын өтөп жаткан. Навальный өзүнө тагылган айыптарды четке кагып келген. Ал 2021-жылдын башында Орусияга Германиядан дарылануудан кайтып барганда кармалган. Бир катар укук коргоо уюмдары Навальныйды саясий туткун деп таанышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG