Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:25

Юлия Навальная күйөөсүнүн ишин улантарын билдирди


Юлия Навальная. 2024-жылдын 19-февралы.
Юлия Навальная. 2024-жылдын 19-февралы.

Орусияда абакта каза болгон оппозиционер саясатчы Алексей Навальныйдын жесири Юлия Навальная күйөөсүнүн ишин улантарын билдирди. Бүгүн 19-февралда ал видео кайрылуу жасап, күйөөсүн Орусиянын президенти "Владимир Путин өлтүргөнүн", мындай кадамга ал эмне үчүн барганын билерин, жакында саясатчынын санаалаштары ошону ачыктай турганын, бул кылмышты аткаргандардын аты-жөнүн аташарын айтты.

Күйөөсү абакта үч жыл бою кыйноого кабылганын, азыр ал баштаган ишти улантуу маанилүү экенин белгилеген Навальная:

«Биз согушка каршы, коррупцияга каршы, адилетсиздикке каршы күрөш боюнча ар бир мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбашыбыз керек. Таза шайлоо жана сөз эркиндиги үчүн, өлкөбүздү кайра өзүбүзгө кайтарыш үчүн күрөшөлү. Мен күйөөм кыялдангандай эркин, тынч жана бактылуу Орусияда жашагым келет. Алексей экөөбүздүн балдарыбыз да ошондой Орусияда жашаса дейм. Мен Алексей кыялдангандай Орусияны сиздер менен чогуу кургум келет», - деди.

Владимир облусундагы өзгөчө тартиптеги колонияда кармалып отурган Навальныйды былтыр жыл соңунда Ямал-Ненец автоном округунун Харп кыштагындагы колонияга которушкан.

16-февралда Орусиянын Федералдык жаза аткаруу кызматы ал каза болгонун расмий жарыялаган. Мекеменин маалыматында Навальный сейилдеп келгенден кийин өзүн начар сезип, дароо эсин жоготкону айтылган.

Апасы Харп кыштагына эртеси күнү барганына карабастан ошондон бери уулунун сөөгү көрө албай жатканы кабарланууда.

"ОВД-Инфонун" маалыматына караганда, Тергөө комитетинин процессуалдык текшерүүсү сөөгүн туугандарына 30 күнгө чейин, эгер кылмыш иши козголсо андан да узак убакыт бербей турууга уруксат берет.

47 жаштагы Навальный камакта 2021-жылдын январь айынан бери отурган. Былтыр августта ал “экстремисттик ишмердүүлүк менен алектенген уюмду негиздөө жана каржылоо” деген кине менен 19 жылга эркинен ажыратылган. Буга чейин “Ив Роше” иши боюнча айыпталып, тогуз жылдык жазасын өтөп жаткан. Навальный өзүнө тагылган айыптарды четке кагып келген. Ал 2021-жылдын башында Орусияга Германиядан дарылануудан кайтып барганда кармалган. Бир катар укук коргоо уюмдары Навальныйды саясий туткун деп таанышкан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG