Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:25

Украина: Орус армиясынын соккусу үч кишинин өмүрүн алды


Орус армиясынын соккусунан кийин тутанган тилсиз жоо менен күрөшүп жаткан өрт өчүрүүчү. 10-февраль, 2024-жыл. Архивдеги сүрөт.
Орус армиясынын соккусунан кийин тутанган тилсиз жоо менен күрөшүп жаткан өрт өчүрүүчү. 10-февраль, 2024-жыл. Архивдеги сүрөт.

Украин бийлигинин расмий өкүлдөрү 18-февралда билдиргендей, соңку 24 саатта Орусиянын армиясынын дрон жана ракеталар менен койгон чабуулдарынан кеминде үч карапайым тургундун өмүрү кыйылды.

Өлкөнүн түштүк-чыгышында жайгашкан Краматорск шаарындагы менчик үйгө ракета тийген. Урандылардын алдынан эки кишинин сөөгү чыгарылганын Донецк облусунун губернатору Вадим Филашкин билдирди. Ал жеринде издөө-куткаруу иштери уланып жатканын Телеграмга жазды.

Коңшу Харьков облусундагы эки кабат үйгө тийген соккудан бир киши мүрт кетип, беш адам жараат алганын аймактын аскердик администрациясынын жетекчиси Олег Синегубов билдирди.

Жалпысынан соңку бир суткада орус армиясы 13 ракета жана 14 дрон менен чабуул койгон. Бир катар имараттарга жана өндүрүш обьектилерине зыян келтирилди. Славянск шаарында мектеп имараты талкаланды.

Соңку бир суткада Орусия менен Украинанын армиясынын ортосунда 82 кагылышуу катталганын украин куралдуу күчтөрүнүн күнүмдүк отчетунда белгиленген. Анда ошондой эле орус армиясынын Запорожье багытына койгон чабуулунун мизи кайтарылганы, 18 брондолгон техникасы жок кылынганы жазылат.

Орусиянын Коргоо министрлиги соңку чабуулдар боюнча комментарий бере элек. Көптөгөн фото жана видео далилдерге карабастан орус бийлиги карапайым тургундарга жасалган чабуулдарды мойнуна албай, бир катар аскердик жайларды бутага алганын билдирип келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG