Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:40

Аба ырайы: шашылыш билдирүү


Бишкек - Ош жолу
Бишкек - Ош жолу

2024-жылдын 18-февралынан 20-февралына чейин түзүлгөн метеорологиялык кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, өзгөчө Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-138- чакырымында жайгашкан Төө-Ашууда жол тайгак болот.

Ушул эле Бишкек-Ош жолунун 198-260-чакырымындагы Ала-Бел ашуусунда жана Чычкан капчыгайында,

Суусамыр-Талас-Тараз жолунун 1-14- чакырымындагы Өтмөк ашуусунда,

Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун Чапчыма ашуусунда,

Красная Горка-Ак-Таш автоунаа жолунун 0-3 чакырымында,

Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу авто жолунун 55-115 чакырымында,

Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 292-305 чакырымындагы Долон ашуусунда жана 353-357 чакырымындагы Кызыл-Бел ашуусунда,

Казарман-Ак-Тал-Чат жолунун 42-44 -, 60-94-чакырымдарындагы Кара-Гоо ашуусунда,

Ийри-Суу тилкесинде, Арал-Миң-Куш автоунаа жолунун 1-14 чакырымында,

Каракол-Эңилчек жолунун 45-50-, 74-90-чакырымдарындагы Чоң-Ашуу белинде,

Барскоон-Ак-Шыйрак жолунун 52-68 чакырымындагы Сөөк ашуусунда,

Түп-Кеген жолунун 51-76-чакырымында,

Сары-Таш-Дароот-Коргон-Карамык жолунун 97-98-, 110-136 чакырымында,

Ош-Сары-Таш-Эркештам Талдык ашуусунда жана Сары-Таш-Эркештам жолунун 218-224 чакырымдарындагы Тоң-Мурун ашуусунда кар көчкү түшүп, кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

Андыктан унаалардын ортосундагы аралык 500 метрден кем болбошу шарт.

XS
SM
MD
LG