Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:46

Казакстандын шаарларында Навальныйды эскеришти


Астанада 1930-жылдардагы ачарчылыктын курмандыктардын элесине орнотулган мемориалдын жанында Навальныйды эскерген акция.
Астанада 1930-жылдардагы ачарчылыктын курмандыктардын элесине орнотулган мемориалдын жанында Навальныйды эскерген акция.

Казакстандын бир катар шаарларында жарандар орусиялык саясатчы Алексей Навальныйды эскеришти. "Азаттыктын" казак кызматы жазгандай, абактагы оппозициячыл саясатчынын каза болгону тууралуу кабардан кийин Астана, Алматы, Костанай жана Павлодарда активисттер көчөдө анын сүрөтүнүн жанына шам жандырып, гүлчамбарларды коюшту.

Эскерүү акцияларын кимдер уюштурганы тууралуу азырынча маалымат жок.

Жума күнү "Куштар" кыймылынын активисти Влад Ермольчев Орусиянын Алматыдагы башкы консулдугунун алдына барып, саясатчынын элесине гүл койгон. Колуна Навальныйдын чоң портретин кармап алган активист, саясатчынын өлүмүнө Кремлди жана Путинди күнөөлөдү.

Орусияда оппозиционер саясатчы Алексей Навальный түрмөдө каза болгонун 16-февралда Федералдык жаза аткаруу кызматы кабарлады. 47 жаштагы оппозиционер 2021-жылдын январь айынан бери камакта отурган.

Орусиянын ар кайсы шаарларында анын элесин урматтап көчөгө чыккан 100дөн ашуун адам кармалганын "Свобода" радиосу кабарлады. (SE)

XS
SM
MD
LG