Суусамыр-Талас-Тараз жолундагы аварияда он адам жабыркады. Алардын баары ооруканага жеткирилди. Беш киши жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бир адамга операция жасалды, экөө үйгө дарыланууга чыгарылганын “Азаттыкка” облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти. Окуя 16-февраль күнү аталган жолдун Жон-Арык айылындагы бөлүгүндө болгон.
Расмий маалыматка ылайык, 2023-жылдын тогуз айында Кыргызстанда 4800 жол кырсыгы катталып, андан 489 адам көз жумган. 2022-жылы 7040 жол кырсыгында 11 миң 49 киши жараат алып, 690 адам жашоо менен кош айтышкан. (MKt)