Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:14

Украин аскерлери Авдеевканын айрым тилкелеринен чыгып кетүүдө


Александр Тарнавский
Александр Тарнавский

Украин армиясы орус аскерлери менен айыгышкан кармаш жүрүп жаткан Авдеевка шаарындагы эң кооптуу позицияларынан чыгып кете башташканы бүгүн 16-февралда белгилүү болду.

«Таврия» ыкчам-стратегиялык аскерлер тобунун командачысы Александр Тарнавский шаарда логистика иштеп жатканын, камоолдо калган украин аскерлери жок экенин, бирок орустар дароо бир нече багыттан чабуул коюп жатышканын, украиндер курал-жарак жана башка тийиштүү каражаттар менен камсыздалганын билдирди.

Украин аскерлери «Авдеевканын түштүк чет жакасынан анча көп эмес жоготуу менен чыгып кетишкенин» айткан командачы зарыл болсо башка тилкелерден да жаңы позицияларга которулуу болорун кошумчалады.

«Саат 13:00гө карата Авдеевкада камоолдо калган украин бөлүктөрү жок. Согуш талаасында коргоно турган жер толук талкаланып, сынган кирпичтен башка эч нерсе калбаган оор шартта биз үчүн аскерлерибиздин өмүрүн сактап калуу артык», – деди бригадалык генерал.

Авдеевка Орусиянын көзөмөлүнө өтүү коркунучу бар экенин, украин аскерлеринде курал-жарак түгөнүп жатканын 15-февралда АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин спикери Жон Кирби билдирген.

Орусиялык маалымат каражаттары жана блогерлер Украина Авдеевкадагы бир нече позициясын тарттырып койгонун, орус аскерлери шаарга кире турган негизги жолду ээлеп алышканын кабарлап жатышат.

DeepState басылмасы Орусия Авдеевканын түндүгүндө жана түштүгүндө алдыга жылганын 15-февралдын кечинде жазган.

Авдеевка Украинанын Орусия колдогон жикчилер 2014-жылдын жазында басып алган Донецк аймагына жакын жайгашкан, калкы 30 миңдей чакан өнөр жай шаары болчу. Ошондон бери шаар Украинанын көзөмөлүндө болуп келди. Ал эки тарап үчүн тең маанилүү саясий жана аскердик мааниге ээ. Орусия Донецкинин ээлеп алган жерлеринде аскерлери Украинанын артиллериялык чабуулдары алдында калбашы үчүн украин топторун шаардан сүрүп чыгарууга аракет кылып келди.

2022-жылы Украинага толук масштабдуу согуш баштаган күндөн тартып орус аскерлери Авдеевканы басып алууга бир нече жолу аракет кылышкан. Бул шаарга соккуларын былтыр күзүндө күчөткөн. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG