Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:46

Трамптын соту 25-мартта башталат


Дональд Трамп сотто. 2024-жылдын 15-февралы.
Дональд Трамп сотто. 2024-жылдын 15-февралы.

АКШ тарыхында алгачкы жолу мурдагы президенттин үстүнөн сот жараяны өтөт, биринчи отурум 25-мартка белгиленди.

15-февралда Нью-Йоркто Манхэттендин кылмыш соту мурдагы президент Дональд Трамптын каржылык алдамчылык боюнча ишин токтотуу өтүнүчүн четке какты, териштирүү 25-мартта өтмөй болду.

Анын адвокаттары териштирүү акыйкат болорунан күмөн санап, шайлоо алдында Трампты соттоо праймериздерге терс таасир тийгизерин, шайлоо процессине кийлигишүү катары бааланарын белгилешкен.

Тергөө Трамп 2016-жылкы шайлоо алдында порноактриса Сторми Дэниэлстин оозун жабуу үчүн адвокаты аркылуу 130 миң доллар бергенин, бирок аны жактоочунун юридикалык кызматы катары каттаганын, Нью-Йорк штатында бул мыйзам бузуу деп эсептелерин билдирүүдө.

2018-жылы Трамптын адвокаты Майкл Коэн бул иш боюнча үч жылга абакка кесилген, өзүнө ал кезде мамлекет башчысы болуп тургандыктан айып тагылган эмес.

Трамп журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып эч кандай кылмыш кылбаганын айткан.

АКШнын 45-президенти, бул өлкөнү 2017-2021-жылдары башкарган республикачы, 77 жаштагы Трампка жалпысынан төрт иш козголгон.

2020-жылдагы президенттик шайлоодо утулгандан кийин анын тарапкерлери 2021-жылдын 6-январында конгрессмендер отурган имаратка кирип барышкан. Трамптын бул окуядагы ролу канчалык деген териштирүү жүрүүдө.

2020-жылдын аягында Трамп кызматын тапшырып жатып бир нече кызматтык документти жеке архиви үчүн алып кеткени кабарланган. Улуттук архив ал документтер жашыруун болгондуктан архивге тапшырууну өтүнүп, прокуратурага кайрылган.

Төртүнчү иш Трамп 2021-жылы январда Жоржия штатынын республикачыл мамлекеттик катчысы Брэд Раффенспергерге телефон чалуусуна байланыштуу козголгон. Анда экс-президент өз пайдасына 11 780 добуш таап берүүгө жардамдашууну суранганы айтылган.

Быйыл күзүндө АКШда президенттик шайлоо өтөт. Трамп ага катышуу аракетин көрүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG