Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:37

Мүнхенде эл аралык коопсуздук конференциясы башталууда


Бүгүн 16-февралда Германиянын Мүнхен шаарында эл аралык коопсуздук саясаты талкуулана турган жыйын башталууда. 50 чакты өлкөнүн лидерлеринин жана өкүлдөрүнүн быйылкы жолугушуусу Украинанын Орусиядан коргонуу абалы оорлоп, АКШ убадалаган ири каржылык жардам кечеңдеп, Кошмо Штаттардын президенттигине талапкер Дональд Трамптын НАТО боюнча билдирүүлөрү кооптонуп жаткан шартта өтүүдө.

Эл аралык коопсуздук маселесин талкуулаган жыйын жыл сайын уюштурулуп келет. Бүгүнкү иш-чарага Орусиянын жана Ирандын делегациялары чакырылган эмес.

Ачылышында АКШнын вице-президенти Камала Харрис сөз сүйлөйт. Эртең 17-февралда жыйынга Украинанын президенти Владимир Зеленский катышат, былтыр ал онлайн форматта сүйлөгөн.

Кечээ 15-февралда Бельгиянын борбор шаары Брюсселде НАТОнун башкы кеңсесинде бул уюмга мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлеринин жыйыны өткөн. Анда Украинага аскердик жардамды улантуу жана НАТОнун курамындагы 31 мүчө өлкөнүн аскердик чыгымдарынын көлөмүн көбөйтүү маселеси талкууланган.

АКШ Конгрессинин демократтар үстөмдүк кылган жогорку палатасы – Сенат 13-февралда Украинага, Израилге жана Тайванга жалпысынан 95 миллиард долларлык каржылык жардам камтылган мыйзам долбоорун кабыл алган.

Документ Конгресстин республикачылар көпчүлүктү түзгөн Өкүлдөр палатасынан өтө элек.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн жаңы башкы командачысы Александр Сырский фронттун орус аскерлери чабуулдарын күчөткөн Авдеевка жана Купянск багыттарын барып көрүп келгенин 14-февралда билдирип, "Абал өтө оор жана чыңалган. Орусиялык оккупанттар күчтөнүүсүн улантып жатышат, алар саны жагынан да көбүрөөк болууда", — деп айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG