Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:22

Бишкек шаарындагы темир жолду кесип өткөн 9 өтмөк курулат


Бишкек шаардык мэриясынын темир жолду кесип өткөн 9 өтмөк куруу планы өкмөттүн сайтына жарыяланды.
Бишкек шаардык мэриясынын темир жолду кесип өткөн 9 өтмөк куруу планы өкмөттүн сайтына жарыяланды.

Бишкек шаарында автотыгындарды азайтуу үчүн темир жолду кесип өткөн 9 өтмөк куруу пландалууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын 2023-жылдагы ишин жана 2024-жылга пландарын талкуулаган коллегиясынын жыйынтыктоочу отурумунда белгилүү болду.

Мэриянын планынан көрүнүп тургандай, Фучик, Матыев (Бакаев көчөсүнүн ылдый жагы), Акиев, Үмөталиев, Шевченко, Исанов, Гоголь, Сүйүмбаев жана Т.Айтматов көчөлөрүнөн темир жолду үстү аркылуу Лев Толстой көчөсүнө чыккан өтмөк курулушу ыктымал.

Өкмөттүн жана мэриянын басма сөз кызматтарынын маалыматтарында өтмөктөрдү куруунун мөөнөттөрү көрсөтүлгөн эмес. Алардын канчасы эстакада болору, канчасы жөн гана темир жолдун үстүнөн өткөн жол болору такталган жок.

8-февралда Бишкек шаардык мэриясысынын басма сөз кызматы Фучик жана Бакаев (төмөн жагы Матыев) көчөлөрүн узартып, темир жолду кесип өткөн жол куруу үчүн даярдык иштери башталганын маалымдаган. Мэр Айбек Жунушалиев “Кыргызтемиржол” ишканасынын жетекчилигинин жана башка мамлекеттик органдардын катышуусунда аталган жол тилкелерин жеринен көрүп, жумушка старт берген.

Долбоор ишке ашса Фучик көчөсү Лев Толстой көчөсүнө чейин узарат. Матыев көчөсү Толстой көчөсүнөн ары Ала-Арча суусунун жээгин бойлой Бөкөнбаев көчөсүнө чейин созулат. Бул Жаш гвардия бульвары жана Асаналиев (Некрасова) көчөлөрүндөгү тыгындарды бир топ жеңилдетет деп күтүлүүдө.

Мэриянын басма сөз кызматы чечмелегендей, темир жол шаарды эки бөлүккө бөлүп турат. Аны кесип өткөн башка көчөлөрдөгү учурдагы эстакадалар калаанын түштүк жана түндүк бөлүктөрүнүн ортосундагы транспорттук байланышты жетиштүү камсыздай албайт. Ошол себептүү темир жолду кесип өтүүчү жолдордун санын көбөйтүү зарылчылыгы күн санап күчөп жатат.

Бишкек шаарынын Башкы планында Фучик көчөсү менен Бакаев көчөлөрүн Масалиев көчөсү – Түштүк магистралга чейин узартуу планы каралган. Мында Фучик көчөсү Садырбаев (Бах) көчөсүнө туташса, Бакаев көчөсү Кыргыз-түрк “Манас” университинин аймагын кесип өтүп, Масалиев көчөсүнө чыгышы керек.

Фучик көчөсүн узартып, Садырбаевге чейин туташтырып, аны чоң көчөгө айлантуу идеялары Бишкек шаарынын мурдагы жетекчилеринин тушунда да айтылып келген. Реалдуу иштер жүргүзүлгөн эмес. (ErN)

XS
SM
MD
LG