Эмилбек Абдыкадыров президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду. Тийиштүү жарлыкка мамлекет башчы кол койгону 14-февралда расмий кабарланды.
65 жаштагы Абдыкадыров бул кызматка былтыр 10-ноябрда дайындалган. Ага чейин бир жылдан ашуун Бишкектин мэри болгон.
2021-жылы №21 Талас шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койгон. 2020-жылы Ат-Башыдагы чек арага жакын аймакта логистикалык борбор куруу ниетин билдирген кытайлык ишкердин өнөктөшү болгон. Логистикалык борбор жергиликтүү тургундардын каршылыгынан улам салынбай калган.
Бишкек шаарында анын тушунда коомдук транспорттун реформасы башталган – автобустар үчүн алгачкы жолу өзүнчө тилке ачылып, жол кире накталай эмес формага өткөн.
Февралдын башында "Азаттыкка" курган маегинде Ысык-Көлдүн жээгинде салына турган “Асман” шаарынын курулушу инвестор келе электигинен кечигип жатканын билдирген. (SE)