Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:31

Орусияда комиссариатка өрт койду деп айыпталган пенсионер 10 жылга соттолду


Жумагүл Курбанова.
Жумагүл Курбанова.

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында 67 жаштагы пенсионер Жумагүл Курбанова «террордук акт» деген негизде айыпталып, жалпы тартиптеги колонияга 10 жылга кесилди. Бул тууралуу шаардык соттун басма сөз кызматы бүгүн 14-февралда билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Курбанова Санкт-Петербургдун борбордук бөлүгүндө жайгашкан аскердик комиссариаттардын бирине өрт койгон, соттук териштирүүдө ал күнөөсүн моюнуна алды, имаратка келтирген зыяндын чыгымын төлөп берди.

Прокурор аны 12 жылга эркинен ажыратууну суранган.

Соттогу суракта Курбанова телефон аркылуу байланышка чыккан алдамчылардын курмандыгы болгонун, алар өзүлөрүн күч кызматкери катары тааныштырып, «аскердик комиссариаттын имаратынын жертөлөсүндө жашынып отурган кылмышкерлерди кармоого жардам берүүсүн» өтүнүп, ошондой кадамга түртүшкөнүн айтып берген. Ал комиссариаттын эшигине койгон өрт дароо өчүрүлгөн.

Курбанова ага коюлган террорчулук тууралуу айып негизсиз экенин, террорчу эместигин, кылмышкерлерди кармоого гана жардамдашуу ниети болгонун билдирген.

Окуя былтыр август айында болгон. Ошол эле айда Орусиянын аймагында тогуз жерде аскердик комиссариатка өрт коюлган. Алардын баары телефондук алдамчылардын курмандыгы болгонун айтып беришкен.

Орусия 2022-жылы февралда Украинага кол салган, сентябрь айында аскерге жарым жартылай мобилизация жарыяланган.

Мобилизациядан качкан жүз миңдеген киши өлкөдөн чыгып кеткени кабарланган алардын айрымдары кыргызстанга да келишкен.

Жумагүл Курбанованын аты айрым маалымат каражаттарында Жумангул деп, ал эми Санкт-Петербург сотунун расмий маалыматында Жумагул Курбанова деп жазылууда. (RK)

XS
SM
MD
LG