Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:15

Самарада тажик диаспора башчысынын кайрылуусу мигранттар арасында кооптонуу жаратты


Самара. Мигранттарды текшерүү.
Самара. Мигранттарды текшерүү.

Орусиянын Самара облусундагы тажик диаспорасынын жетекчисинин мекендештерин аскердик комиссариатка барып, Украинадагы согушка катышуу тууралуу келишимге кол коюу чакырыгы бул аймактагы тажикстандык мигранттардын арасында талкуу жана кооптонуу жаратууда.

«Азаттык» радиосунун тажик кызматы 14-февралда билдиргендей, «Самара облусундагы тажиктердин аймактык улуттук-маданий автономиясы» деп аталган коомдук бирикменин жетекчиси Сунатулло Назриев кайрылуусун мекендештердин WhatsApp тайпасына жөнөткөн.

Анда ал орус жарандыгы бар тажикстандыктарга кайрылып, 25-февралга чейин жашаган жериндеги аскер комиссариатына баруу керектигин айткан. Ал эми паспорт ала электерге жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө орус бийлиги жарандыкты жеңилдетилген шартта берерин, эгер келишимге кол койбосо өзүлөрү да, жакындары да Орусиядан депортация кылынарын, рейддер күчөй турганын белгилеген.

Назриев кайра мигранттардын кооптонуусуна негиз жок экенин, бул кайрылуусу орус жарандыгын алгандарга гана жолдонгонун, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн өтүнүчүн гана жеткирүүгө аракет кылганын айтып, тактаган.

Журналисттер менен байланышка чыккан мигранттар согушка катышуу ниети жоктугун, аларга диаспора башчысы аркылуу басым болуп, согушка азгыруу жүрүп жатканын айтып беришти.

Алардын билдиришинче, соңку айлары аймакта күч кызматкерлеринин мигранттарга каршы рейддери күчөдү.

Тажикстандын мыйзамдары боюнча, чет өлкөдө согушка катышкан жарандары кылмыш жообуна тартылат.

Орусиянын мыйзамы боюнча, бул өлкөнүн жарандыгы барлар аскерге барууга милдеттүү.

Тажик бийлиги Орусияда 700 миңдей жараны расмий миграциялык каттоодо экенин айтууда, бейрасмий маалымат боюнча, алардын саны миллиондон ашат.

Кыргызстандын да миллионго чукул жараны Орусияда эмгек мигранты болуп жүрөт.

Орусиянын Украинадагы 2022-жылдын февралынан берки баскынчылык согушунун катышуучуларына орус жарандыгын жеңилдетилген шартта берүүнү караган жарлыктарга Владимир Путин 2023-жылдын жазында жана быйыл январда кол койгон. Өлкөнүн Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин орус паспорту бар туруп Украинадагы согушка катышкысы келбеген мигранттарды жарандыктан ажыратууну сунуш кылган.

Кыргызстандын миллионго чукул жараны Орусияда эмгек миграциясында жүрөт. Орусиянын жаза өтөөчү жайларында отурган кыргызстандыктарды мурда "Вагнер" компаниясы Украинадагы согушка азгырып келгени белгилүү. "Азаттык" урушта кеминде ондон ашуун кыргызстандык набыт болгонун тактаган. (RK)

XS
SM
MD
LG