Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:08

Нарматова мыйзам долбоорун кабыл алууда башка депутаттар үчүн добуш бергенин билдирди


Надира Нарматова
Надира Нарматова

Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова “Керемет банкты” сатуу маселеси каралып жатканда башка депутаттар үчүн добуш берип атып, өзү үчүн добуш берүүгө жетишпей калганын айтты.

14-февралдагы парламент отурумунда "Керемет банкты" (мурдагы "Росинбанкты") Улуттук банктан Министрлер кабинетине сатуу жөнүндөгү мыйзам долбоору каралды.

Талкуунун жыйынтыгында мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынып, "Керемет банкты" Министрлер кабинетине сатууну 71 депутат колдоду. Жыйында каттоого алынган 84 депутаттын үчөө документке каршы добуш берди.

Нарматова башка коллегаларынын "кнопкаларын" басып жүрүп, өзү үчүн добуш берүүгө жетишпей калганын белгиледи. Вице-спикерге кайрылып, мыйзам долбоорун колдой турганын билдирди. Ага чейин Нарматова башкаларды аталган мыйзам долбоорун кабыл алууга чакырган.

Жогорку Кеңеште депутаттар бири бири үчүн добуш берген учурлар буга чейин да болуп, коомчулуктун сынына кабылган.

“Жогорку Кеңештин регламенти” боюнча мыйзамдын 84-беренесинде “депутат добуш берүү укугун башка депутатка берүүгө тыюу салынары” жазылган.

"Керемет Банк" - өлкөдөгү мамлекеттин үлүшү бар банктардын бири. 2010-жылга чейин мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жакындарынын тиешеси болгон “Азия Универсал Банктын” активдеринин негизинде "Залкар Банк" түзүлгөн. 2013-жылы бул банктын акциялары орусиялык ишкерлерге сатылып, аталышы "Росинбанк" деп өзгөртүлгөн.

2019-жылы "Росинбанктын" акцияларына Улуттук банк ээлик кылып, “Керемет Банк” деген аталыш ыйгарылган.

Улуттук банктын жетекчисинин маалыматында, "Керемет Банк" 2020-жылды 1 миллиард сом чыгаша менен аяктаган. 2021-жылды чыгашасыз жыйынтыктаган. 2022-жылы 360 миллион сом, ал эми 2023-жылы болжол менен 960 миллион сом киреше тапкан. (SE)

XS
SM
MD
LG