Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:19

Кыргызстандык мушкерлер эл аралык мелдеште алтын медаль утту


Кыргызстандык мушкер Анваржан Ходжиев сыйлоо аземи учурунда.
Кыргызстандык мушкер Анваржан Ходжиев сыйлоо аземи учурунда.

Кыргызстандык мушкер Анваржан Хожиев Болгарияда өткөн Эл аралык мелдеште алтын медаль тагынды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.

"Странджа Кубогу-2024" эл аралык мелдеши София шаарында (Болгария) өтүп, Хожаев 48 килограммга чейинки салмакта рингге чыккан. Алгач 1/4 финалдык беттеште украиналык Денис Биленкону утса, жарым финалда Сахил Аллахвердовду жеңген.

Алтын медаль үчүн беттеште Хожаев индиялык мушкер Шагольшем Барун Сингхдини жеңип, мелдештин чемпиону болду.

"Странджа Кубогу-2024" - эл аралык мелдеши 1950-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келет. Быйыл ага 28 өлкөдөн 261 мушкер катышты. Эркектер арасында 13 салмактык бөлүктө, кыз-келиндер арасынан алты салмакта байгелер ойнотулду. Мелдеш 4-февралда башталып, 12-февралда жыйынтыкталды.

Командалык эсепте Өзбекстан беш алтын, эки күмүш, беш коло байге менен биринчи орунду ээлесе, экинчи орунду эки алтын, эки күмүш жана эки коло байге уткан индиялык мушкерлер алды. Үчүнчү орунда Болгария курама командасы. Бул өлкөнүн мушкерлери бир алтын, төрт күмүш уткан. Ал эми Кыргызстан Анваржан Ходжиевдин алтын байгеси менен командалык эсепте 7-орунду ээледи. (GT)

XS
SM
MD
LG