Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:21

Ноокатта 15 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү табылды


ӨКМдин куткаруучулары жоголгон адамды издөө учурунда. Иллюстрациялык сүрөт.
ӨКМдин куткаруучулары жоголгон адамды издөө учурунда. Иллюстрациялык сүрөт.

8-декабрдан бери дайынсыз болуп жаткан 15 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү Ноокат районунун Чили-Сай участогунан табылды. Райондук милициянын ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барып, сөөккө соттук-медициналык экспертиза дайындады.

Ош облустук ички иштер башкармалыгы (ОИИБ) маалымдагандай, 15 жаштагы уулу 8-декабрда кечке жуук үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз жок болуп жатканын 9-декабрда милицияга анын атасы кабарлаган.

Милициянын маалыматына караганда, психикалык жактан жабыркаган өспүрүмдүн сөөгү аңдан табылган.

15-январда Бишкекте да аутизмден жабыркаган 5 жашар баланын сөөгү конуш четиндеги көлмөдөн табылган.

Аутизмден жабыркаган дагы бир адам 14-январда Аламүдүн капчыгайында дайынсыз жоголгон. ӨКМдин куткаруучулары, милиция кызматкерлери жана башка ыктыярчылардын дээрлик он күндөн ашык издөөсү натыйжа бербей, жыйынтыгында издөө токтотулган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG