Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:34

Бишкекте иликтөөчү журналисттердин форуму өтүп жатат


"Чындык" форумунун баннери. Бишкек. 12-февраль, 2024-жыл.
"Чындык" форумунун баннери. Бишкек. 12-февраль, 2024-жыл.

Иликтөөчү журналист Уланбек Эгизбаевди эскерүү алкагында бүгүн, 12-февралда Бишкекте "Чындык" аттуу 4-форум өтүүдө. Аны Иликтөөчү журналисттер фонду жана Кыргызстандагы "Интерньюс" өкүлчүлүгү уюштурган.

Форумда иликтөөчү журналисттер туш болгон коркунучтар, алардын коопсуздугу жана Кыргызстандагы кырдаал боюнча талкуу жүрүүдө.

Форумдун соңунда 2023-жылдагы мыкты делген журналисттик иликтөөлөргө Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлык тапшырылат.

Иликтөөчү журналисттерге ыйгарылчу сыйлык жыл сайын Эгизбаевдин туулган күнү - 12-февралда ыйгарылат.

Чыгаан журналисттин көзү тирүү болгондо быйыл 12-февралда 34 жашка чыкмак.

Уланбек Эгизбаев 2018-жылы 22-июлда Ысык-Көлдө көз жумган. Ички иштер министрлиги соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына таянып, журналист сууга чөгүп каза болгонун жарыялаган.(AiB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG