Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:28

Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарды колдоочу борбор ачылат


Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккендер үчүн мамлекет тарабынан каржылануучу башкалка ачууну көздөөдө.
Бул тууралуу министрдин орун басары Жаңыл Алыбаева 9-февралда Бишкекте өткөн “Гендердик зомбулуктан жапа чеккендерге натыйжалуу жардам көрсөтүү үчүн ресурстарды мобилизациялоо" деп аталган Улуттук форумда айтты.

Алыбаеванын маалыматына караганда, былтыр Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чегип катталгандардын саны 13 миңден ашкан, анын 95% аялдар.

Аталган министрлик жарандык коом менен чогуу атайын мамлекеттик программа иштеп чыкмакчы. Анын алкагында, сексуалдык жана үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган аялдарды жана кыздарды колдоочу мамлекеттик борбор ачуу боюнча иш жүргүзүлүүдө.

Министрликтин маалыматына караганда, учурда Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан аялдарга жана кыздарга жардам көрсөтүүчү 18 кризистик борбор иштейт. Мекеме жыл сайын аларга мамлекеттик социалдык буйрутманын алкагында колдоо көрсөтүп келет. 2019-2023 - жылдары бул борборлорду каржылоо 5,4 млн сомдон 7 млн сомго чейин көбөйтүлгөн. 2024-жылы 12,0 млн сомго чейин көбөйтүлөт.

Прокуратуранын маалыматына караганда, Кыргызстанда 2023-жылы балдарга каршы 1 832 кылмыш жасалган.

Дүйнөлүк WPS (Тынчтыктын жана аялдар үчүн коопсуздуктун индекси) уюмунун адам укугу боюнча рейтингинде Кыргызстан акыркы эки жыл катары менен кыз-келиндер үчүн эң кооптуу өлкө деп аталган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG