Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:52

Милиция Токтогулда 27 жаштагы келин өз жанын кыйганын билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда 27 жаштагы келин өзү жашаган үйдөгү сарайда асынып алды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирип, окуя 6-февралда болгонун кабарлады.

Бул факты Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнүн маалыматтардын электрондук журналына каттоого алынып, текшерүү иштери башталган.

Каза болгон келиндин өлүмүнүн себептерин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалып, бирок маркумдун жакын туугандары сөөктү экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышкандыктан, акт түзүлгөн.

“Азыркы учурда келиндин эмне себептен өз өмүрүнө кол салгандыгынын себептерин аныктоо максатында ыкчам иштер жүргүзүлүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматы боюнча, 2023-жылы Кыргызстанда 13 миң 104 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2022-жылдагы көрсөткүчтөн 32,6% көп. 2022-жылы жалпы өлкө боюнча үй-бүлөлүк зомбулуктун 9 880 учуру катталган. (BTo)

XS
SM
MD
LG