Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:51

Электрондук эсеп-фактураны колдонгондор 65 миңге көбөйдү


Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз (ЭТТК-ЭТТН), көзөмөл-кассалык машине (ККМ) жана электрондук эсеп-фактура (ЭЭФ-ЭСФ). "Азаттыктын" коллажы.
Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз (ЭТТК-ЭТТН), көзөмөл-кассалык машине (ККМ) жана электрондук эсеп-фактура (ЭЭФ-ЭСФ). "Азаттыктын" коллажы.

Кыргызстанда электрондук эсеп-фактураны (ЭЭФ) колдонгон ишкерлер 65 миңге көбөйүп, ушул тапта 94 миң 300гө жетти. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы кабарлады.

Маалымат боюнча, 2023-жылы ишкерлер жалпы суммасы 1,7 трлн сомго 19,6 млн электрондук эсеп-фактура жазып беришкен. Жалпысынан ЭЭФ киргизилген 2020-жылдын 1-июлунан тартып 5,1 трлн сомго 40,7 млн документ толтурулган.

Кыргызстандын бийлиги соңку эки-үч жылдан бери бери өлкөдө товар саткан ишкерлердин баарын көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) колдонууга милдеттендирип жатат. Ага кошумча товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрү (ЭТТН) жана электрондук эсеп-фактура (ЭЭФ) да киргизилди. Буга байланыштуу Бишкек шаарында, башка аймактарда, анын ичинде Ош шаарында бир нече жолу нааразылык акциялары өттү.

ККМ – бул товар сатуу жана кызмат көрсөтүү үчүн керектелген эсептөөчү аппарат. ЭТТК – товар, жөнөтүүчү, алуучу жана жеткирүүчү транспорт каражаты жөнүндө маалыматтарды жана башка маалыматтарды камтыган электрондук документ. ЭЭФ – кошумча нарк салыгын эсептөө үчүн керектеле турган, товар саткан жана кызмат көрсөткөн тарап толтура турган конкреттүү үлгүдөгү салыктык документ. (BTo)

XS
SM
MD
LG