Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:52

Кыргызстан ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн 60 жаранына пенсия чектеп берди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Социалдык фондунун басма сөз кызматы 2021-жылдан бери Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн 60 жаранына пенсия чектелгенин билдирди. Анын ичинен 51и Орусиянын, сегиз адам Казакстандын жана бир киши Беларустун жарандары. Алар Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык пенсияга чыккан.

Ошол эле кезде Орусия Кыргызстандын 33 жаранына пенсиянын бир бөлүгүн чектеп берген.

ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн эмгек мигранттарын пенсия менен камсыздоо келишими 2021-жылы күчүнө кирген. Ошондон бери биримдиктин аймагында расмий иштеген мигранттар өз өлкөсүндө пенсияга чыкканда, алардын чет жактагы эмгек стажысы эсепке алынып, кошумча пенсиялык төлөм чегериле баштаган.

Документте мигрант чет жактагы пенсиясын кошо алыш үчүн ал өлкөдө кеминде 12 ай мыйзамдуу иштеп, пенсиялык же социалдык фондго тиешелүү төлөмдөр которулуп турушу керектиги көрсөтүлгөн. Төлөмдөр Евразия өнүктүрүү банкы аркылуу жүргүзүлөт.

Ага чейин Орусияда мыйзамдуу иштеген кыргызстандыктар үчүн жумуш берүүчүлөр пенсиялык фондго төлөмдөрдү которуп, бирок кийин Орусиядагы пенсия төлөмдөрүн кайтарып алууга укугу болгон эмес.

Кыргызстандын миллиондон ашык жараны чет мамлекеттерде мигрант болуп жүрөт, алардын көбү Орусия менен Казакстанда.

ЕАЭБге Кыргызстан, Армения, Орусия, Казакстан жана Беларус мүчө. (BTo)

XS
SM
MD
LG