Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:57

Киркоров “дээрлик жылаңач” кеченин айынан Кремлдин “кара тизмесине” илинди


Орусиялык продюсерлерге "концерттик ишмердүүлүгүнө тыюу салынган" 50дөй артисттин тизмеси таратылды. Бул тууралуу "Медуза" басылмасы өз булактарына таянып жазды. Анда Украинадагы согушту колдобогондор жана блогер Анастасия Ивлееванын "дээрлик жылаңач" кечесине катышкандар да бар. Басылманын булактары бул тизме Кремлден келгенин айтышкан.

Чуулуу кечеге катышканы үчүн "тыюу салынгандардын" катарына Филипп Киркоров, Лолита Милявская, Глюкоза, Дима Билан жана Анна Асти аттуу таанымал ырчылар да кошулган.

Орусияда блогер Анастасия Ивлеева 21-декабрда “Мутабор” түнкү клубунда “дээрлик жылаңач” деп аталган кече уюштурган. Ага орус шоу-бизнесинин өкүлдөрү, таанымал блогерлер катышкан. Бул кече орус коомунда талаш-тартыш жаратып, кечеге жарым-жылаңач барган рэпер Васио беш суткага камалып чыкты.

Көп өтпөй ал кечеге катышкандар ырчылардын баары кечирим сурашкан.

Анткен менен атактуулардын кечирим сураган акциялары Интернетте ар кандай талкууларга жем таштады. Айрымдар муну Иосиф Сталиндин доору менен салыштырышты.

XS
SM
MD
LG