Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:12

Бишкек-Ош жолунда 20 миң куб метрден ашуун кар түшүрүлдү


Бишкек-Ош унаа жолу. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 8-февралда тараткан сүрөт.
Бишкек-Ош унаа жолу. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 8-февралда тараткан сүрөт.

Бишкек-Ош автожолунда тоо боорунан карды атып түшүрүү иштери жүрүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматына караганда, 8-февраль күнү Бишкек-Ош жолунун 247-чакырымындагы (Көчкүлүү булак тилкеси), 255-чакырымында (Пельмен тилкеси) жана 250-чакырымындагы (Кызыл-Жар) тилкелеринен жалпысынан 23 миң 230 м3 кар түшүрүлгөн.

Ушундай эле иштер 9-февраль күнү Чычкан капчыгайынан Ала-Бел ашуусуна чейинки аралыкта уланат.

ӨКМ 9-февралга чейин күтүлүп жаткан карга байланыштуу Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Чычкан капчыгайында кар көчкү түшүү коркунучу жаралганын эскерткен.

Жолдордо машинелердин ортосунда 500 метрлик аралык сакталууга тийиш. (MKt)

XS
SM
MD
LG