Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:33

Президент патенттин мөөнөтүн июлга чейин узарткан мыйзамга кол койду


Бишкектин “Дордой” базарындагы соодагерлердин ККМди жоюп, патентти калтырууну талап кылган акциясы. 30-ноябрь, 2023-жыл.
Бишкектин “Дордой” базарындагы соодагерлердин ККМди жоюп, патентти калтырууну талап кылган акциясы. 30-ноябрь, 2023-жыл.

Президент Садыр Жапаров салыктык башкаруу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү максатында иштелип чыккан “Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу 5-февралда мамлекет башчынын сайты кабарлады.

Мыйзамды Жогорку Кеңеш былтыр 28-декабрда кабыл алган. Анда электрондук документ түрүндөгү эсеп-фактуранын ордуна аны ордун алмаштыруучу документтин түрү киргизилди. Ошондой эле мыйзамда “айыл чарба даярдоочу” деген түшүнүк киргизилип, анын салыктын чени белгиленген.

Кабыл алынган мыйзамга ылайык, мындан сырткары соодагерлик менен алектенген жеке тараптарга патентти милдеттүү колдонуунун мөөнөтү 2024-жылдын 1-январынан 2024-жылдын 1-июлуна жылдырылат. Мыйзамдын булардан башка беренелери быйыл жыл башынан тартып күчүнө кирди.

Кыргызстандын бийлиги жаңы салыктык реформалардын алкагында 2024-жылдын 1-январынан тартып соода ишмердиги үчүн патентти жоюп, бул тармакта иштегендер жаңы жылдан баштап башка ыкманы тандоого мажбурлап жаткан. Алып-сатуу менен алектенгендер жалпы салыктык режимин же атайын салыктык режимин тандап, сөзсүз түрдө Көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) колдонушу керек эле.

Бул мөөнөт жакындаган маалда – 2023-жылдын ноябрынын аягында жана декабрынын башында Кыргызстандагы базарларда соода кылгандар ККМ системасын киргизүүгө каршы нааразылык акциясын өткөрүп, айрымдары иш ташташкан. Акциялар Ош облусундагы “Кара-Суу” базарынан тутанып, Бишкектеги “Дордой”, “Мадина”, “Орто-Сай” базары, “Аламүдүн”, “Кудайберген”, “Берекет Гранд” базарларында, Ош шаарындагы жана Талас, Каракол, Нарын шаарларындагы базарлардын сатуучулары митингге чыгышкан.

Ишкерлер ККМ аппараты менен иштөөнүн түйшүгү көп экенин, кошумча бухгалтер же башка адис жалдоого аргасыз болуп жатканын жана Салык кызматынын онлайн сайтындагы виртуалдуу кампада иштөө татаал болуп жатканын жүйө келтиришкен. Алар ошол себептүү патентти мурдагыдай эле калтырып, калган эрежени жеңилдетүүнү же жоюп салууну талап кылышкан.

Былтыр 5-декабрда президент Садыр Жапаров “Дордой” базарында иштегендер менен жолугушуу маалында базардагы соодагерлерге 2024-жылдын июль айына чейин патент менен иштеп турууга уруксат берилгенин билдирген. Ал мунун себебин Салык кызматы муну тейлөөгө толук үлгүрбөй жатканы менен түшүндүрүп, атайын комиссияда карап чыккан соң бир жактуу чечим кабыл алынарын айткан.

Кыргызстанда Көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) колдонгон ишкерлердин саны 75 695ке жетип, соңку үч жылда төрт эсе көбөйгөнүн 5-февралда Мамлекеттик салык кызматы кабарлады. 2020-2021-жылдары аталган аппараттарды колдонгондор Кыргызстанда болгону 15-20 миңдей болчу. (ErN)

XS
SM
MD
LG