Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:27

Украинанын оккупацияланган шаарында Орусия дайындаган министр каза болду


Лисичанск шаары. 2024-жылдын 3-февралы.
Лисичанск шаары. 2024-жылдын 3-февралы.

Украинанын Орусия оккупациялап алган Луганск аймагындагы Лисичанск шаарында 3-февралдагы окуяда каза болгондордун бири бул аймактын Москва дайындаган өзгөчө кырдаалдар министри Алексей Потелещенко экени бүгүн 5-февралда белгилүү болду.

Орусия шаардагы наабайканалардын бирине жана анын жанындагы кафеге ишембинин кечинде ракеталык чабуул жасалганын, кеминде 28 адамдын өмүрү кыйылганын, бул үчүн Украина жооптуу экенин айтууда.

Расмий Киев мындай айыптоого жооп же комментарий берген жок. Болгону, ресторандын наабайканасында Украинага кол салган орусиялык аскерлер үчүн тамак-аш даярдалып жүргөнү, ал жерде оккупациялык орус аткаминерлери жолугушууларын өткөрүп келгени маалымдалды.

Өзүн “Луганск Элдик Республикасы” деп атап алган жикчил аймактын саламаттык сактоо мекемесинин башчысы Наталья Пащенко каза тапкандардын 18и эркектер, 9у аялдар жана бирөө жаш бала экенин, дагы он киши түрдүү жараат менен ооруканада жатканын, алардын төртөөнүн абалын дарыгерлер өтө оор деп баалаганын билдирген.

Луганск аймагынын кремлчил өкмөтүнүн төрага орун басары Юрий Говтвин “Лисичанскинин тургундары үй-бүлөсү менен эс алып, таттуу тамактардан жеп кетели деп киришкен. Ошол учурда террордук акт болду» деп айткан.

Орусия Украинага 2022-жылдын февралына кол салган. Бул согушту өзү "атайын операция" деп, украин бийлигинин жана эл аралык коомчулуктун айыптоолорун четке кагып келет. (RK)

XS
SM
MD
LG