Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:29

Зеленский фронттун алдыңкы тилкесиндеги аскерлер менен жолукту


Украин президенти Владимир Зеленский Запорожье облусунун Работино кыштагына барып, ошол жакта кызматын өтөп жаткан аскерлер менен жолукту. Бул тууралуу маалымат анын Телеграмына бүгүн 4-февралда жарыяланды, бирок сапар качан болгону айтылган жок.

Маалыматта айтылгандай, президент өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн 65-механизацияланган өзүнчө бригадасына барып, жоокерлерге ыраазычылык билдирип, мамлекеттик сыйлыктырды тапшырды жана "Запорожье" аскерлер тобунун командачысынын ыкчам абал тууралуу маалыматын укту, Авдеевка багытындагы жана фронттун башка тилкелериндеги абалды талкуулады .

Работино Токмак жана Орехово чакан шаарларынын ортосундагы кыштак.

Украинанын Коргоо министрлиги бул кыштак толук бошотулганын, ал жерди орус армиясы чабуулдары үчүн колдонуп келгенин былтыр августта билдирген.

Ал эми быйыл январда Орусиянын Коргоо министрлиги Работино аймагында кармаш дагы эле уланып жатканын кабарлаган. (RK)

XS
SM
MD
LG