Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:05

Лисичанск шаарындагы соккудан каза болгондор 30га жакындады


Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан сүрөт. Лисичанск шаарындагы аткылоодон кийинки көрүнүш.
Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан сүрөт. Лисичанск шаарындагы аткылоодон кийинки көрүнүш.

Украинанын Орусия оккупациялап алган Лисичанск шаарындагы соккудан каза болгондор 28 адамга жеткени кабарланды. Куткаруу иштери уланып жатат, урандылардын астында дагы кишилер болушу ыктымалдыгы айтылууда.

Калаадагы Орусия дайындаган бийлик 4-февралда билдиргендей, набыт кеткендердин арасында бир бала да бар. Дагы ондой адам жараат алган.

"Свобода" радиосу акыркы маалыматтарга таянып, "Адриатик" деген ресторан аткыланганын жазды. Буга чейин наабайкана жайгашкан имарат чабуулга кабылганы айтылган. Окуя 3-февралда болгон.

Өзүн Луганск элдик республикасы деп атаган аймактын жетекчилиги аткылоону украин армиясынан көрүп, жекшембиде аза күтүү жарыялады. Киев буга комментарий бере элек.

ТАСС агенттиги тергөө маалыматтарына таянуу менен сокку HIMARS түзүмүнөн урулган болушу мүмкүндүгүн жазды.

Украинанын Луганск облусундагы Лисичанск шаарын Орусия 2022-жылдын жазында оккупациялаган. Ал жерде дээрлик эч кандай кандуу салгылашуулар болгон эмес, карапайым калк үйлөрүндө калган. Калаа фронттон болжол менен 10-15 чакырым алыста.

Украинанын Орусия оккупациялап алган аймактарында, өзгөчө фронтко жакын жерлерде аткылоодон карапайым адамдар жапырт каза болгон учурлар буга чейин да болгон.

Орусия Украинага 2022-жылдын февралында бастырып кирген. Москва муну "орус тилдүүлөрдү коргогон атайын операция" деп атайт. Дүйнөнүн басымдуу бөлүгү бул үчүн Кремлди сындап келатат. (SE)

XS
SM
MD
LG