Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:45

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Тажикстанга барат


Жээнбек Кулубаев.
Жээнбек Кулубаев.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев расмий сапар менен 4-5-февралда Тажикстанда болот.

Министрликтин сайтындагы маалыматка караганда, тажик тараптын чакыруусу менен уюштурулуп жаткан сапардын алкагында алака-катыштын маанилүү жагдайлары талкууланат.

Расмий Дүйшөмбү азырынча эч кандай маалымат тарата элек.

Эки өлкөнүн мамилеси чек арадагы жаңжалдардан улам бир топ убакыт сууп турду. Акыркы учурларда такталбаган тилкелерди аныктоодо макулдашууларга жетишилгени маалымдалууда.

Өкмөттүк делегациялардын жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу январдын аягында Тажикстандын Бустон шаарында өткөн.

12-январда Баткенде өкмөттүк делегациялардын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов жолугушкан. Биргелешкен билдирүүдө чек ара аймагы боюнча орток пикир табылганы айтылган.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 11-декабрда Баткендин Ак-Сай айылында жаңы курулган мектептин ачылышында сүйлөгөндө Тажикстан менен чек ара 2024-жылдын жаз айларына чейин такталып каларын белгилеген.

Эки өлкөнүн чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырым. (SE)

XS
SM
MD
LG