Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:12

Кремлдин жанындагы митингди чагылдырган журналисттер кармалды


Иллюстрация
Иллюстрация

Москвада полиция ишемби күнү “Үйгө жол” кыймылынын Кремлдин жанындагы акциясын чагылдырууга келген журналисттерди кармап, кийинчерээк бошотту.

Арасында "Осторожно, новости", SotaVision, "Коммерсант", France Press, Spiegel басылмаларынын кабарчылары, ошондой эле "Адам укуктары үчүн" кыймылынын укук коргоочулары бар.

"ОВД-Инфо" 27 адам кармалганын жазды, кийинчерээк маалымат каражаттары 30дан ашуун киши полиция бөлүмүнө жеткирилгенин, кечке жуук журналисттер бошотулганын кабарлады.

3-февралдагы акцияны мобилизация аркылуу Украинадагы согушка тартылган эркектердин жубайлары уюштурган "Үйгө жол" кыймылы өткөрдү. Кармалгандардын арасында согуштагылардын жакындары да болду.

Аталган кыймыл мындай акцияларды тез-тез уюштурат. Бул жолу аларды бир катар оппозиция өкүлдөрү да колдоду.

Ал арада президенттикке талапкер Владимир Путиндин Ильинкадагы штабында дагы бир нече адам кармалганы тууралуу "Свобода" радиосу маалымдады.

Ошол күнү Москва прокуратурасынын Телеграм-каналында макулдашылбаган иш-чараларды уюштуруу, ага чакыруу жана катышуу үчүн жоопкерчилик бар экени эскертилди. (SE)

XS
SM
MD
LG