Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:38

Бишкекте жаңы үйлөрдү борбордук жылуулукка кошууга тыюу салынат


Бишкек жылуулук электр борборундагы авариядан кийин Министрлер кабинетинин төрагасы жана башка чиновниктер барган учур. 2-февраль, 2024-жыл.
Бишкек жылуулук электр борборундагы авариядан кийин Министрлер кабинетинин төрагасы жана башка чиновниктер барган учур. 2-февраль, 2024-жыл.

Бишкекте жаңы үйлөрдү борбордук жылуулукка кошууга тыюу салынат. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баш калаанын мэрине, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директоруна ушундай тапшырма берди. 3-февралда таратылган расмий маалыматка караганда, бул маселени чечүү үчүн кошумча отканалар курулат.

2-февралда таңкы саат үчтөр чамасында Бишкек жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) авария болуп, беш киши жабыркады. Абалы оор эки жумушчу дарылануу үчүн Түркияга жөнөтүлдү. Авариянын кесепетин жоюу иштери уланууда, турак жайларга жекшембиге караган түнү жылуулук жана ысык суу толук жеткирилери кабарланган. Өкмөттүн Медиа штабы 4-февралда 8 отказан, 4 турбогенератор иштеп жатканы, 727 үйгө ысык суу берилгенин билдирди.

Кыргызстандагы эң ири бул жылуулук борбору 1960-жылдары курулган. Ал 812 миң квт электр энергиясын жана саатына 1294,2 Гкал жылуулук берүүгө ыңгайлашкан. Шаардагы имараттардын 60 пайызга жакынын тейлейт. Жалпысынан 15 отказан бар.

Калаадагы Жал кичи районун өзүнчө жылуулук борбору тейлейт. Андан тышкары, жаңы салынып жаткан айрым үйлөргө жеке жылуулук системасы орнотулган.

2018-жылы 26-январда дагы катуу суукта ЖЭБде чоң авария болуп, Бишкектин тургундары бир нече күн бою жылуулуксуз калган. Ошондон кийин ишкананы оңдош үчүн ага чейинки бийликтин тушунда, 2017-жылы Кытайдын “Эксимбанкынан” алынган 386 миллион доллар насыянын бир тобу кымырылып кеткени ачыкка чыккан. Кылмыш иши козголуп, бир канча аткаминер камакка алынып, жоопко тартылган. (SE)

XS
SM
MD
LG