Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:07

Бишкек жылуулук борборундагы жарылууну мамлекеттик комиссия иликтейт


Бишкек ЖЭБиндеги кырдаал боюнча түзүлгөн ыкчам штабдын жыйыны. 2-февраль, 2024.
Бишкек ЖЭБиндеги кырдаал боюнча түзүлгөн ыкчам штабдын жыйыны. 2-февраль, 2024.

Бишкек жылуулук борборундагы аварияда имараттын бузулган жерлерин калыбына келтирүүгө 100дөн ашык куруучу тартылды. Бул тууралуу ЖЭБдин айланасындагы кырдаал боюнча ыкчам штабдын 2-февралдын кечиндеги жыйынында Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев маалымдады.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышкан жыйында жылуулук борборундагы жарылуунун бир нече себеби такталган. Бирок өкмөттүн маалыматында кайсы себептер экени жазылган эмес.

Акылбек Жапаров кырсыкты изилдөө үчүн мамлекеттик комиссия түзүлүп, аны Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жетектей турганын билдирди. Мындан тышкары жарылууну териштирүүгө көмөктөшүү үчүн Орусиядан адистер келе турганы белгилүү болду.

Жыйында мамлекеттик мекемелерге медициналык жайларды, реабилитациялык борборлорду жана башка социалдык объектилерди жылуулук менен толук камсыз кылуу сыяктуу тапшырмалар берилди.

Мунун алдында өкмөттүн медиа штабы Бишкек жылуулук электр борборунда 12-от казан ишке киргизилгенин, ошону менен жалпы алты от казан иштей баштаганын билдирген. Түтүктөгү суунун ЖЭБден чыгып жаткандагы температурасы 65 градуска чейин жетип калганы кабарланды. Жылуулук борборунда жалпы 15 от казан бар.

2-февралда таңкы саат үчтөр чамасында ЖЭБде жарылуу болуп, беш адам Бишкектеги "Тез жардам" борборуна түшкөн. Алардын экөөнүн абалы оор болгондуктан жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бир бейтаптын абалы орточо оор деп бааланууда. Эки киши үйүнө дарыланууга жөнөтүлдү.

Ушул тапта жылуулук борбордун кызматкерлери кырсык эмнеден болгонун аныктоо жана анын ишин калыбына келтирүүнүн аракетин көрүүдө. ЖЭБде өзгөчө кырдаал режими жарыяланды.

2-февралда өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында ЖЭБдеги абал 5-7 күндүн ичинде жөнгө салынарын айтты.

Садыр Жапаров Бишкек жылуулук борборуна барып, кырсыктан кийин ал жайды калыбына келтирүү иштери менен таанышкан.

Башкы прокуратура ЖЭБдеги жарылуу боюнча кылмыш ишин козгогону белгилүү болду.

XS
SM
MD
LG