Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:06

Бишкек жылуулук борборунда жабыркагандарды дарылоо үчүн түркиялык дарыгерлер келет


Алымкадыр Бейшеналиев менен Садыр Жапаров Бишкек ЖЭБиндеги жарылууда жабыркагандардан кабар алууда. 2-февраль, 2024.
Алымкадыр Бейшеналиев менен Садыр Жапаров Бишкек ЖЭБиндеги жарылууда жабыркагандардан кабар алууда. 2-февраль, 2024.

Бишкектеги жылуулук электр борборундагы жарылууда жабыркаган кызматкерлерди дарылоо үчүн 3-февралда Түркиядан эки дарыгер келет. Бул тууралуу өкмөттүн медиа штабы 2-февралда билдиргендей, зарыл болсо бейтаптар Түркияга жөнөтүлүшү мүмкүн.

Маалыматта саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Түркиянын Саламаттык сактоо министрлиги менен байланышканы, түркиялык тажрыйбалуу комбустиолог Корай Даш менен онлайн кеңешме өткөрөрү айтылат.

2-февралда таңкы саат үчтөр чамасында ЖЭБде жарылуу болуп, беш адам Бишкектеги "Тез жардам" борборуна түшкөн. Алардын экөөнүн абалы оор болгондуктан жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бир бейтаптын абалы орточо оор деп бааланууда. Эки киши үйүнө дарыланууга жөнөтүлдү.

Ушул тапта жылуулук борбордун кызматкерлери кырсык эмнеден болгонун аныктоо жана анын ишин калыбына келтирүүнүн аракетин көрүүдө. ЖЭБде өзгөчө кырдаал режими жарыяланды.

2-февралда өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында ЖЭБдеги абал 5-7 күндүн ичинде жөнгө салынарын айтты.

Садыр Жапаров Бишкек жылуулук борборуна барып, кырсыктан кийин ал жайды калыбына келтирүү иштери менен таанышкан.

Башкы прокуратура ЖЭБдеги жарылуу боюнча кылмыш ишин козгогону белгилүү болду.

XS
SM
MD
LG