Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:05

Азия кубогу: Тажикстан чейрек финалда Иорданияга утулуп калды


Тажикстан курама командасынын оюнчусу Вахдат Ханонов Бириккен Араб Эмираттанынын курамасына гол киргизген учуру.
Тажикстан курама командасынын оюнчусу Вахдат Ханонов Бириккен Араб Эмираттанынын курамасына гол киргизген учуру.

2-февралда Катарда өтүп жаткан футбол боюнча Азия Кубогунун чейрек финалдык оюндары башталды. Иорданиянын курама командасы Тажикстанды 1:0 эсебине утуп алды. Оюндун экинчи айлампасында тажик командасынын коргоочу Вахдат Ханонов өз дарбазасына гол киргизип алды.

Мелдешти дебютант катары баштаган Тажикстан тайпадан экинчи орун менен чыгып, турнирдин 1/8 финалында Бириккен Араб Эмираттарынын курамасын пенальти тебүүдөн уткан.

Иордания болсо тайпалык оюндарда Түштүк Корея менен (2:2) тең ойноп, Бахрейнге 1:0 менен утулуп, Малайзияны 4:0 эсеби менен утуп, үчүнчү орун менен плей-офф баскычына чыккан. 1/8 финалда Ирак курамасын жеңип, чейрек финалга жолдомо алган.

3-февралда Өзбекстан учурдагы чемпион, талаа ээси Катар менен ойнойт. Азия кубогунун финалдык оюну 10-февралга белгиленген.

Азия кубогу төрт жылда бир болот. Буга чейин 18 жолу өткөн мелдештерде Жапония төрт жолу, Сауд Арабиясы менен Иран үч жолудан, Түштүк Корея эки ирет чемпион болсо, Кувейт, Катар, Австралия, Израил жана Ирак курамалары бир жолудан чемпион болгон.

XS
SM
MD
LG