Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:10

Сот экс-депутат Эмил Жамгырчиевди үй камагына чыгарды


Эмил Жамгырчиев.
Эмил Жамгырчиев.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эмил Жамгырчиев үй камагына чыкты. Адвокаты Кайсын Абакиров Фейсбукка жазгандай, Жамгырчиевдин бөгөт чарасы 2-февралда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралган.

Сот Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Башкы тергөө башкармалыгынын өтүнүчүн канааттандырган. Бул маалыматты райондук соттун басма сөз кызматы да ырастады.

2-февралда Борбордук шайлоо комиссиясы Жамгырчиевдин арызынын негизинде аны депутаттык мандатынан ажыраткан.

24-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Жамгырчиевдин бөгөт чарасын карап, аны 26-февралга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына камакка алган.

Былтыр 27-декабрда башкы прокурор Курманкул Зулушев депутат Жамгырчиевди кылмыш жообуна тартууга парламенттен уруксат сураган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен иш козголгон эле.

10-январда парламент Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген.

XS
SM
MD
LG