Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:58

Касымалиев ЕАЭБдин ички рыногундагы көйгөйлөрдү атады


Адылбек Касымалиев.
Адылбек Касымалиев.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Евразия экономикалык биримдигинин ички рыногундагы тоскоолдуктарды атады. Бул маселени ал 2-февралда Алматы шаарында өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында көтөрдү. Ал ыңгайлуу бизнес чөйрөсүн түзүү үчүн товарлардын тоскоолдуксуз өтүүсүн камсыздоо керектигин белгилеп, биримдиктин ичинде жүк ташуудагы көйгөйлөрдү аныктоо үчүн мониторинг жүргүзүүнү сунуштады.

“Экинчиси - рыноктук механизмдерге жана бирдей атаандаштык шарттарына негизделген биримдиктин эркин ички рыногун камсыз кылуу. Бул биздин өлкөлөрдүн инвестициялык жагымдуулугун арттырууга таасир этээри шексиз. Биз биринчи кезекте алдыңкы технологияларды өздөштүрүү менен жогорку илимди талап кылган өндүрүштөрдү жер-жерлерде жайылтууга түрткү бериш үчүн мүчө-мамлекеттердин өз ара инвестициялык кызматташуусун кеңейтүүгө тийишпиз”, - деди Касымалиев.

Министр ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин ишканаларынын ортосундагы кооперациялык байланыштарды кеңейтип, биргелешип өндүрүлгөн продукцияны чыгарууну көбөйтүүнү сунуштады. Мындан тышкары азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жаатында да сунуштарын берди.

2-февралда Казакстандын Алматы шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны жана Digital Almaty 2024: Industry X эл аралык санарип форуму өттү. Бул иш-чараларга катышуу үчүн барган Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек жылуулук борборундагы аварияга байланыштуу 2-февралда эртең менен Кыргызстанга кайтып келген. Анын ордуна Алматыдагы иш-чараларга Адылбек Касымалиев катышууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG