Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:22

"Сынган кылыч" көркөм тасмага сыябы?


"Сынган кылыч" тарыхый романы.
"Сынган кылыч" тарыхый романы.

Кыргыз эл жазуучусу Төлөгөн Касымбековдун "Сынган кылыч" тарыхый романын сериал кылып тартуу демилгеси көтөрүлдү. Парламент төрагасы Нурланбек Шакиев тасма үчүн баштапкы каражат бөлүнгөнүн жарыялады.

Ушул аптада тасманы тартуу иштери боюнча тарыхчы, адабиятчы жана кино ишмерлери жыйынга чогулганы жатат.

Белгилүү тарыхый чыгарма татыктуу тасма болуп тартылабы же жокпу деген маселе коомдо кызуу талкууланып, эки ача пикирлер айтыла баштады. Айрымдары анын тартылышы менен кыргыз тарыхынын жаңы барагы ачылат десе, дагы бирөөлөрү улут тагдыры чечилген доорлор камтылган тарыхый романды беш серияга сыйдыруу мүмкүн эмес деп жатат.

"150-200 млн сомдун тегерегинде эсептелүүдө"

Жазуучу Төлөгөн Касымбековдун “Сынган кылыч” романынын негизинде тасма тартуу демилгесин Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев көтөрүп чыккан.

Спикердин басма сөз катчысы Алтынбек Деркембаев демилгени Кара-Кыргыз автоном облусунун 100 жылдыгы менен байланыштырды:

Алтынбек Деркембаев.
Алтынбек Деркембаев.

“Төрага аталган чыгармадагы Алымбек датка, Нүзүп бий өңдүү тарыхый инсандардын образын ачып, азыркы жана кийинки муундарыбызга идеологиялык мааниси зор тасма жаратуу - башкы максат экенин билдирген. Ага 150-200 млн сомдун тегерегинде каражат кетери эсептелүүдө. Албетте, тасмага керектүү каражат тарыхка кайдыгер карабаган өнөктөштөр жана демөөрчүлөр тарабынан берилет”.

Тасманын сценарийин тарыхчылар, санжырачылар, акын-жазуучулар, кино тармагында эмгектенген адистер жана башка инсандар чогуу-чаран иштеп чыгары айтылды. Режиссер атайын сынактын негизинде аныкталат. Ага катышууну каалагандарга чектөө жок деп кабарланды. Ата мекендик жана чет өлкөлүк режиссерлор сунуш берсе болот. Ал эми тасмага тартылчу актерлорду режиссер өзү тандайт.

"Тасмага батыл киришүү керек"

Тарыхчы Кыяс Молдокасымов тарыхый романдын негизинде беш сериялуу көркөм тасма тартыларын айтты:

Кыяс Молдокасымов.
Кыяс Молдокасымов.

"Сынган кылычты" көркөм тасма кылып тартышыбыз керек деген сөздү алгач укканда, айтылып жүргөн сөздүн бири да деп ишенген эмесмин. Себеби, тарыхый романдагы Нүзүп, Алымбек датка, Курманжан датка, Жаркын айым, Зыйнат датка, Соно айым, Алымкул аталык, Шералы хан жана анын уулдары, Исхак Молдо (Полот хан), Абил бий жана башка каармандарды, бири-бири менен чырмалышкан окуяларды мыкты көркөм тасма тартууга көп каражат талап кылынары турган иш да.
Бирок жакында ал демилгенин ээси, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев чакырып, тарыхый роман жана келечекте тартылчу көркөм тасма тууралуу эки жолу сүйлөштүк. Эң башкысы, каражат маселеси чечиле баштаптыр. Бир аптага жетпей эле 50 миллион сом табылганын, буюрса жакынкы күндөрү 200 миллион сомго жеткирерин чечкиндүү айтты. Демек, каражаттын чечилгени көркөм тасманы тартууга кадамдын башталышы деп ишенимдүү айта берсек болчудай. Биз качанга чейин тарыхый тасмаларды тартуу колубуздан келбейт деп отура беришибиз керек? Тескерисинче, батыл киришүү шарт. Коңшу Өзбекстан, Казакстан, өзгөчө Түркия кандай гана мыкты сериалдарды тартып өз тарыхын даңазалап жатат. “Сынган кылычты” тартуу менен биз тарыхыбызды жалпы элге, айрыкча жаш муунга тереңирээк жеткиребиз. Буюрса, тасманы тартуу иштери боюнча 9-февралда тарыхчы, адабиятчы жана кино ишмерлеринин башын кошкон чоң жыйын болот. Талкуудан кийин алгачкы кадамдар башталат".

“Сынган кылыч” - эң көп окулган, белгилүү тарыхый роман. Анда Кокон хандыгынын учурундагы элдин коомдук абалы көркөм сүрөттөлөт. Тактап айтканда, Алим хан такка олтурган 1801-жылдан Исках - Полот хан дарга асылган 1876-жылга чейинки 75 жыл ичиндеги элдин башынан өткөн окуялар жазылган. Дээрлик бир кылымга жакын убакытта элдин күрөшү, мүдөөсү зор максатка багытталган. Ал - көз карандысыз мамлекет куруу, улуттук эркиндикти эңсөө.

Адабиятчылардын айтымында, Төлөгөн Касымбеков тарыхый романында орус империясынын Орто Азияны басып алышындагы айрым жергиликтүү башкаруучулардын ойногон ролун, калктын көтөрүлүшүн чеберчилик менен талдап берген.

"Ойдогудай тасма тартыларына ишене албайм"

Адабий сынчы Рысбек Эшматов каармандары көп, сюжети бай, көркөм тарыхый романды тасмага айлантуу оңой болбосун айтып жатат:

Рысбек Эшматов.
Рысбек Эшматов.

“Сынган кылыч” - төгөрөгү төп келген тарыхый роман. Анда сюжеттик окуялардын өнүгүшү, баяндалышы мыкты. Окуяга бай бул романда сюжеттик кесилиштер, конфликттер, драмалык кырдаалдар да бар. Мындан сырткары канчалаган тарыхый инсандардын образы ийнине жеткире сүрөттөлгөн. Жазуучу бул чыгармасын көркөмдүк жагынан да, документтик жагынан да чебер жазган. Мындай окуганда окуялар сыртынан баяндалып жаткандай болгону менен, автор окурмандарын өз каармандарынын ички дүйнөсүнө кантип алып кирип кеткенин билбей каласың. Ушунчалык окуялар психологиялуу. Ушунчалык этнографиялуу. Анда кыргыз элинин үрп-адат, каада-салтынан баштап түшүнүктөрүнө чейин, ал тургай түштөрүнө чейин баяндалат. Анан ушундай чыгарманы “беш серия кылабыз, каражат бар” деп интернетте сенсация кылып жаткандары, ал тууралуу талаш-тартыштар болуп жатканы менен, мен жеке ойдогудай тасма тартыларына ишене албай турам. Ага объективдүү, субъективдүү шарттар дагы эле жетишпей тургандай көрүнөт. Бул тасманы, балким, совет доорунда тарта алмакпыз деп ойлойм, анткени ал учурда биздин улуттук маданиятыбыз бардык жактан өнүгүп, кино дүйнөбүз "кыргыз керемети" деген атак алган. Азыр татынакай чыгарманы бузуп албасак экен деген санаа турат менде. Андан көрө “Сынган кылычты” окуп, өрнөктүү сөздөн рахат алганыбыз жакшы го деген ойдомун”.

"Биринчи кыргыздар тартсын"

“Сынган кылыч” романы боюнча тасма тартуу демилгеси совет доорунда деле көтөрүлгөн. Белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиев көзү тирүүсүндө Азаттыкка” курган маегинде Төлөгөн Касымбеков менен чогуу аталган романдын негизинде сценарий жазууга киришип, эгемендик жылдары да өкмөткө бул сунушун жөнөтүп, бирок жооп албай жүргөнүн айткан.

Социалдык тармактардагы талкуулар кызып турган маалда Төлөгөн Касымбековдун небереси Адил Касымбеков чоң атасы да тасманы тартууну ниет кылган, ал тургай сегиз сериялуу фильмдин сценарийин жазып койгонун айтып чыкты:

Адил Касымбеков.
Адил Касымбеков.

“Жогорку Кеңештин спикери "Сынган кылычты" кино кылып тартабыз дегенден бери Фейсбуктан ар кандай постторду, комментарийлерди окуп жатабыз. Мисалы, "биздикилер тарта албайт, башкаларга бериш керек, түрктөр тартсын" жана башка сөздөр. Албетте, бул темага көп адамдардын көңүл буруп жатканы сүйүндүрбөй койбойт. Так эсимде жок, 2008-2009-жылдары беле, чоң атамды Түркияга чакырышып, Евразия сыйлыгын беришкен. Ошондо түрк­төр кайрылышып, “уруксат берсеңиз, “Сынган кылыч” романыңыз боюнча өз жерибизде кино тарталык дедик эле” дешкенде, чоң атам: "Автор катары уруксат бере албайм. Биринчи бул кинону кыргыздын жеринен кыргыз эли тартсын, анан алгыла" деген эле. Кошумчалап кетчү жагдай, чоң атам 60-жылдары эле атайын ылайыкташтырып 8 сериялуу кино сценарийин жазып койгон”.

"Режиссерлордун арасында чайкоочулук көп болуп кетти"

Адабий сынчылардын пикиринде, “Сынган кылыч” романы аркылуу Төлөгөн Касымбеков кыргыз адабиятында образ жаратуунун сапаттык бийик деңгээлин көрсөткөн.

Кинорежиссер Темир Бирназаров 180ден ашык каарман-кейипкерлери бар романды азыркы шартта тасма кылып тартуу татаал иш дейт:

Темир Бирназаров.
Темир Бирназаров.

“Биринчиден, “Сынган кылычты” тасма кылып тартууга азыр канчалык муктаждык бар, чыгармада көтөрүлгөн көйгөйлөр азыркы учурда канчалык актуалдуу, ошону караш керек. Экинчиден, балким, тарых үчүн керектир. Бирок учурда биздин режиссерлордун арасында чайкоочулук көп болуп кетти. Белгилүү жазуучулардын чыгармаларын көтөрүп алып эле акча табыш үчүн, анан “ушуну тарткан режиссер” деген атка жетиш үчүн чуркап калышты. Андагы көтөрүлгөн темага деле күйбөйт. Айтматовдун чыгармаларын деле көтөрүп алып туш келди тарткысы келгендер бар. Анткени анын чыгармасын тартам десе эч ким каршы болбойт, жогору жактан акчасын да беришет. Анан кино жакшыбы-жаманбы, Айтматовдун кадырынын аркасында эч ким сындабайт. Ушундай чайкоочулук пайда болуп калды. Анан “Сынган кылыч” деле ошондой болуп калабы деп ойлойм. Албетте, мамлекеттин киного көңүл буруп жатканы жакшы иш, бирок элдин купулуна толо тургандай тасманы тартуу кыйын. “Сынган кылычты” тартуу үчүн кыргыздын тарыхын, салт-санаасын терең билген мыкты режиссер керек”.

Эгемендик жылдары кайра оңдолуп басылып чыккан "Сынган кылыч" казак, өзбек, тажик, уйгур, орус, украин, түрк, түркмөн, англис тилдерине которулган.

Тарыхый чыгарма акыркы жылдары 2019-жылы “Шам” басма үйү тарабынан 1000 нускада жарыкка чыгып, бир жарым ай аралыгында сатылып бүткөн.

Журналист Эрнис Кыязов “Сынган кылычты” аудио форматта жаздырып, Ютубдагы баракчасына жарыялаган.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

XS
SM
MD
LG