Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:58

2-февраль: ЖЭБдеги жарылуу, камакта калган журналисттер, Өзбекстандын пахтасы


Бишкек жылуулук электр борбору
Бишкек жылуулук электр борбору

2-февралда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Бишкек ЖЭБинде жарылуу болду

Таңкы саат үчтөр чамасында ЖЭБде жарылуу болуп, беш адам Бишкектеги "Тез жардам" борборуна түштү. Алардын экөөнүн абалы оор болгондуктан жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бир бейтаптын абалы орточо оор деп бааланууда. Эки киши үйүнө дарыланууга жөнөтүлдү. Буга байланыштуу шаардагы тогуз районго жылуулук берүү токтотулуп, жылуу сууга чектөө кирди. Абалды жеринде көрүш үчүн ЖЭБге президент Садыр Жапаров, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров барды. Садыр Жапаров улуттук “Кабар” маалымат агенттигине маек куруп, “ЖЭБди толугу менен модернизациялоого тапшырма бергенин, каражат изделип жатканын” айтты. Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев ЖЭБдеги абал 5-7 күндүн ичинде толук жөнгө салынарын билдирди.

Сот үч журналистти абакта калтырды

2-февралда Бишкек шаардык соту “Темиров LIVE” редакциясынын журналисти Сапарбек Акунбековду, оператору Акыл Орозбековду жана редакциянын мурдагы кызматкери Жумабек Турдалиевди 13-мартка чейин Бишкектин №1 тергөө абагына камакта калтырды. Ушул эле күнү сот “Арча Медиа” порталынын журналисти Сайпидин Султаналиев менен “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбековдун кармалышын мыйзамдуу деп тапты. “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлору, “Арча медиа” жана “ПолитКлиника” басылмасынын 11 кызматкерин милиция 16-январда кармап, райондук сот аларды эки айга камаган. Журналисттер 10 күндөн ашык милициянын убактылуу кармоочу жайында жатып, 29-январда гана тергөө абагына которулду. Журналисттердин адвокаттарынын аппеляциялык арызы шаардык сотто 5-февралга чейин каралат. Милиция журналисттерге “Массалык башаламандыктар” беренеси менен иш козгосо, камалган журналисттер айыпты четке кагып жатышат.

Журналист Сайпидин Султаналиевди милиция кызматкерлери сотко алып келүүдө. 17-январь.
Журналист Сайпидин Султаналиевди милиция кызматкерлери сотко алып келүүдө. 17-январь.

Чүйдө жаңы төрөлгөн ымыркайдын сөөгү табылды

Чүй облустук милициясы 1-февралда Аламүдүн айылында жаңы төрөлгөн ымыркайдын сөөгү табылганын билдирди. Сотко чейинки териштирүүдө ымыркайды таштап кеткен 20 жаштагы келин аныкталган. Ал Бишкек шаарындагы үйлөрдүн биринде жети айлык ымыркай өлүү төрөлгөнүн, баланын сөөгүн кутуга салып, Аламүдүн районундагы Эне-Сай жаңы конушундагы ээн жерге таштаганын билдирген. Соттук-укуктук экспертизалар дайындалып, сотко чейинки тергөө иштери уланууда. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, былтыр Кыргызстанда 14 ымыркай ташталган.

Абакиров менен Мамашова мандат алды

Экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров менен экс-депутат Айсулуу Мамашова Жогорку Кеңештеги “Альянс” фракциясынын депутаты болуп катталып, мандат берилди. Мындай чечимди Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 2-февралдагы отурумунда кабыл алынды. Алар диплом чырына байланыштуу мандатынан ажыратылган “Альянс” фракциясынын мурдагы депутаты Фарходбек Алимжановдун жана “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен айыпталып камакта жаткан экс-депутат Эмил Жамгырчиевдин ордуна келишти. Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укугу парламентте ант берген күндөн тартып күчүнө кирет.

Украинда 40 миң үй жарыксыз калды

Орус аскерлери 24 "Шахед" дрону менен Украинанын аймагын аткылаганы маалым болду. Украин армиясынын маалыматы боюнча, Днепропетровск, Херсон, Кировоград жана Харьков облустарынын аймагында 18 дрондун 11и атып түшүрүлдү. Кривой Рог шаарында дрон "Укрэнергонун" станцияларынын бирине тийип, зыян келтирген. Днепропетровск облустук администрациясы 40 миңден ашуун үй электр жарыгысыз калганын билдирди. Эки шахтада электр жарыгы өчүп, 100дөн ашуун жумушчу жер астынан чыгарылганы маалым болду. 1-февралда орус аскерлери Херсон облусунун Берислав шаарын бомбалап, Франциядан келген эки ыктыярчы набыт болгонун облустук аскер администрациясы билдирди. Дагы үч чет элдик ыктыярчы, анын ичинде бир аял жеңил жаракат алганы расмий кабарланды.

Газа: Израил армиясынын Хан-Юнистеги аскердик операциясы бүттү

Газадагы жөөт армиясы (ЦАХАЛ) Египеттин чек арасына жакын жердеги Рафах шаарына багыт алары маалым болду. ЦАХАЛ Хан-Юнис шаары ХАМАСтын негизги таянычы экенин билдирип, бир нече жумадан бери ал жакты катуу бомбалап жаткан. Египет менен чек арага жакын жайгашкантп анклавдын башка аймактарынан качып келген палестиндер баш калкалап турат. ХАМАС радикал уюму 7-октябрда Израилдин конуштарына кол салып, 1200дөй кишини жок кылып, 240тай адамды барымтага алып кеткенден кийин ЦАХАЛ согушкерлерге каршы Газа тилкесинде согуш баштаган. Андан бери ХАМАС көзөмөлдөгөн анклавдын Саламаттык сактоо башкармалыгы билдиргендей, 27 миңдей кишинин өмүрү кыйылды.

Би-Би-Си: Өзбекстан Орусияга тонналаган пахтаны аскердик максатта экспорттойт

Орусия өзүнүн аскердик заводдорунда курал-жарак жана снаряддарды өндүрүү үчүн Өзбекстандан пахта импорттойт. Би-Би-Си орус кызматынын журналисттери Евробиримдиктин санкцияларына карабастан, Москва целлюлозаны аскерий максатта сатып алып жатканын аныкташты. Пахтанын целлюлозасы ок-дары жасоо үчүн колдонулат. Өзбекстан Орусиянын бир нече шаарындагы химиялык өнөр жай ишканалары менен келишим түзгөн. Орусия Украинага басып киргенден бери Өзбекстандан пахта импортоо 25 эсе өскөн. Пахта өстүрүү - Өзбекстандын экономикасынын маанилүү тармактарынын бири.

Азия кубогу: Тажикстан чейрек финалда Иорданияга утулду

Катарда өтүп жаткан футбол боюнча Азия Кубогунун чейрек финалында Иорданиянын курама командасы Тажикстанды 1:0 эсебине утуп алды. Оюндун экинчи айлампасында тажик командасынын коргоочу Вахдат Ханонов өз дарбазасына гол киргизип алды. Мелдешти дебютант катары баштаган Тажикстан тайпадан экинчи орун менен чыгып, турнирдин 1/8 финалында Бириккен Араб Эмираттарынын курамасын пенальти тебүүдөн уткан. 3-февралда Өзбекстан учурдагы чемпион, талаа ээси Катар менен ойнойт. Азия кубогунун финалдык оюну 10-февралга белгиленген.

XS
SM
MD
LG