Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:57

Би-Би-Си: Өзбекстан Орусияга тонналаган пахтаны аскердик максатта экспорттойт


Орусия өзүнүн аскердик заводдорунда курал-жарак жана снаряддарды өндүрүү үчүн Өзбекстандан пахта импорттойт. Би-Би-Си радиосунун журналисттери Евробиримдиктин санкцияларына карабастан, Москва целлюлозаны аскердик максатта сатып алып жатканын аныкташты. Пахтанын целлюлозасы ок-дары жасоо үчүн колдонулат.

Би-Би-Синин "Важные истории" басылмасы, Vlast.Kz , "Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны чагылдыруу долбоорунун" (OCCRP) журналисттери менен бирге жүргүзгөн изилдөө Орусия Украинага басып киргенден кийин жашыруун сооданын масштабы өсүп жатканын көрсөттү.

2020-жылы Өзбекстандын өнөр жай комитети Орусиянын Казан шаарындагы ок-дары чыгарган завод менен келишим түзгөн. Орусия Украинага басып киргенден бери Өзбекстандын пахта импорту 25 эсе өскөн.

2019-жылы Казан шаардык ок-дары чыгарган заводу Өзбекстандан 48 тонна пахта целлюлозасын, ал эми 2022-жылы жана 2023-жылдын башында Фергана химиялык комбинатынан 2,1 млн долларга 1225 тонна чийки зат сатып алганы аныкталган.

Пахта өстүрүү - Өзбекстандын экономикасынын маанилүү тармактарынын бири. (AiA)

XS
SM
MD
LG