Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:06

Кыргызстанда банктардын бири 22 млн сом айыпка жыгылды


Улуттук банктын имараты. Архивдик сүрөт.
Улуттук банктын имараты. Архивдик сүрөт.

Кыргызстандын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети коммерциялык банктардын бирине 22 миллион 680 миң сом айып салды. Мындан тышкары банктын айрым кызмат адамдарына чара көрүлдү.

Улуттук банк айыпка жыгылган банктын атын жана эмне үчүн мындай чара колдонулганын тактаган жок.

Өлкөнүн негизги банкы 2023-жылдын декабрь айында да коммерциялык банктардын бирине 19 млн 80 миң сом айып пул салынганын билдирген.

Улуттук банк – Кыргызстандагы банктардын жана финансы-кредиттик мекемелердин ишин жөнгө салат жана көзөмөлдөйт. Өлкөдө ушул тапта 23 коммерциялык банк жана коммерциялык банктардын 318 филиалы бар. (BTo)

XS
SM
MD
LG