Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:53

Жылуулук борборунун жетекчиси жарылуу тууралуу маалымат берди


Бишкек жылуулук борбору.
Бишкек жылуулук борбору.

Бишкек жылуулук электр борборундагы жарылуу тууралуу мекеменин директору Алпбек Садыров кенен маалымат берди. Бул тууралуу ал президент Садыр Жапаров жарылуудан кийин ЖЭБге барган маалда айтып берген.

Садыровдун маалыматына караганда, жылуулук борборунда түнкү саат үчтөрдө болгон жарылуудан кийин суунун температурасы төмөндөп кеткен. Андан тышкары электр энергиясын берүү 415 мегаватт кубаттуулуктан 150 мегаваттка тазайган.

“Биз ошондон кийин жылуулукту бере албай калдык. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери убагында келип, жарылуудан кийинки өрттү өчүрүп калышты. Станциянын үстүндөгү материалдар, күн чыгыш тарабындагы панелдер да учуп кетти. Биз азыр убактылуу болсо да жылуулукту кармап туралы деп жатабыз. Себеби түтүктөр тоңуп калбашы керек. Биз азыр резеврде турган үч отказанды ишке киргизип жатабыз”.

Садыров учурда шаарга жылуулук 53 градус менен берилип жатканын кошумчалады. Өкмөттүн медиа штабынын маалыматына караганда Бишкектин 7, 8, 6, 11, 12-кичи райондорунда жана Асанбай кичи районунда жылуулук бериле элек.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жарылуу 14-отказандан чыкканы боюнча алдын ала божомолду четке какты.

“Учурда отказандардын баары аман. Алдын алуучу клапондор иштеген. Азыр отказандардын сыныгы же алардан кеткен жарака байкалган жок”, - деди Ажикеев.

2-февралда таңкы саат үчтөр чамасында ЖЭБде жарылуу болуп, беш адам Бишкектеги Тез жардам борборуна түшкөн. Алардын экөөнүн абалы оор болгондуктан жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бир бейтаптын абалы орточо оор деп бааланууда. Эки киши үйүнө дарыланууга жөнөтүлдү.

Ушул тапта жылуулук борбордун кызматкерлери авариялык абалдын келип чыгуу себептерин аныктоо жана калыбына келтирүү боюнча иштерди жүргүзүп жатат. ЖЭБде өзгөчө кырдаал режими жарыяланды.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев 2-февралда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында ЖЭБдеги абал 5-7 күндүн ичинде жөнгө салынарын айтты.

Садыр Жапаров Бишкек жылуулук борборуна (ЖЭБ) барып, кырсыктан кийин ал жайды калыбына келтирүү иштери менен таанышкан.

2018-жылы 26-январда катуу суукта ЖЭБде чоң авария болуп, Бишкек бир нече күн бою жылуулуксуз, бир топ жери жарыксыз калган. Ошондон кийин ишкананы оңдош үчүн ага чейинки бийликтин тушунда Кытайдын “Эксимбанкынан” алынган 386 миллион доллар насыянын бир тобу кымырылып кеткени ачыкка чыккан. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, бир нече аткаминер камакка алынып, жоопко тартылган.

XS
SM
MD
LG