Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:03

Президент Садыр Жапаров авария болгон Бишкек ЖЭБине барды


Садыр Жапаров Бишкек ЖЭБинде. 2-февраль, 2024.
Садыр Жапаров Бишкек ЖЭБинде. 2-февраль, 2024.

Президент Садыр Жапаров 2-февралда Бишкек жылуулук борборуна (ЖЭБ) барып, кырсыктан кийин ал жайды калыбына келтирүү иштери менен таанышты. Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, ЖЭБдин ишин тез арада калыбына келтирүү боюнча тапшырмалар берилди.

Маалыматта бардык тиешелүү кызматтар күчөтүлгөн режимде иштеп жатканы айтылат.

Буга чейин Алматыда иш сапары менен жүргөн Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров да Бишкекке кайтып келип, жылуулук борборунда ыкчам топтун жыйынын өткөрүп жатканы маалымдалган.

Энергетика министрлиги Жылуулук электр борборунда 2-февралда таңкы саат үчтөр чамасында авария болгонун кабарлады. Ушул тапта жылуулук борбордун кызматкерлери авариялык абалдын келип чыгуу себептерин аныктоо жана калыбына келтирүү боюнча иштерди жүргүзүп жатат. ЖЭБде өзгөчө кырдаал режими жарыяланды.

Саламаттык сактоо министрлиги ЖЭБдеги жарылуудан беш адам Бишкектеги Тез жардам борборуна түшкөнүн, алардын экөөнүн абалы оор болгондуктан жандандыруу бөлүмүндө жатканын маалымдады. Эки киши үйүнө дарыланууга жөнөтүлдү.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев 2-февралда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында ЖЭБдеги абал 5-7 күндүн ичинде жөнгө салынарын айтты.

XS
SM
MD
LG