Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:04

Акылбек Жапаров Алматыдан келип, жылуулук борборунда ыкчам жыйын өткөрүүдө


Акылбек Жапаров,
Акылбек Жапаров,

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек жылуулук борборундагы кырсыкка байланыштуу 2-февралда Алматы шаарындагы иш сапарын жыйынтыктап, Бишкекке келди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда ал Бишкек ЖЭБинде ыкчам штабдын жыйынын өткөрүп жатат.

Ал эми бүгүн Алматыда өтө турган Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына жана “Digital Almaty 2024: Industry X” эл аралык санарип форумуна Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Адылбек Касымалиев катыша турган болду.

Энергетика министрлиги Жылуулук электр борборунда 2-февралда таңкы саат үчтөр чамасында жарылуудан улам авария болгонун кабарлады. Ушул тапта жылуулук борбордун кызматкерлери авариялык абалдын келип чыгуу себептерин аныктоо жана калыбына келтирүү боюнча иштерди жүргүзүп жатат. ЖЭБде өзгөчө кырдаал режими жарыяланды.

Саламаттык сактоо министрлиги ЖЭБдеги жарылуудан беш адам Бишкектеги Тез жардам борборуна түшкөнүн, алардын экөөнүн абалы оор болгондуктан жандандыруу бөлүмүндө жатканын маалымдады. Эки киши үйүнө дарыланууга жөнөтүлдү.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев 2-февралда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында ЖЭБдеги абал 5-7 күндүн ичинде жөнгө салынарын айтты.

Акылбек Жапаров иш сапары менен 1-февралда Алматы шаарына барган.

XS
SM
MD
LG