Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:55

3-февралдын аба ырайы: жолдор тайгалак болот


Бишкек шаары.
Бишкек шаары.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 3-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Баткен облусунун айрым жерлеринде жаан, кар, Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү мүмкүн.

Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз 1…6;

Таласта түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…5;

Баткен,Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…-8 градус, күндүз 2…7;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз -1…+4 градус;

Нарын облусунда түнкүсүн -18…-23, ал эми күндүз -4...-9;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -28...-33, күндүз -7...-12° градус суук.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -8…-10, күндүз 3…5 градус суук болот.

XS
SM
MD
LG