Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:48
Бишкек жылуулук электр борбору (ЖЭБ) жарылуудан кийин. 2-февраль, 2024-жыл.
Бишкек жылуулук электр борбору (ЖЭБ) жарылуудан кийин. 2-февраль, 2024-жыл.

ЖЭБдеги кырсык: Жаңы үйлөрдү борбордук жылуулукка кошууга тыюу салынат 

2-февралда таңкы саат үчтөр чамасында Бишкек жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) авария болуп, беш киши жабыркады.ит

  • Оор абалда жаткан эки бейтап дарылануу үчүн Түркияга жиберилди.
  • ЖЭБдин бузулган объектилерин калыбына келтирүү тапшырмасы берилди.
  • Садыр Жапаров Бишкек ЖЭБи толук модернизация болорун айтты.
  • Бишкектеги тогуз кичирайонго жылуулук берүү токтотулду.
  • Бишкек ЖЭБинде өзгөчө кырдаал режими жарыяланды.
  • Министр Ажикеев ЖЭБде диверсия болгон деген да божомол каралып жатканын айтты.
  • Авариядан беш адам жабыркап, экөөнүн абалы оор.
  • Бишкекте ысык сууга жана жылуулукка чектөө киргизилди.
  • ЖЭБдеги кырсык президенттин көзөмөлүндө экенин маалымат катчысы айтты.
  • ӨКМ ЖЭБдин иши беш-жети күндө калыбына келтириле турганын айтты.
  • ӨКМ жылуулук борбордон чыккан өрт толук өчүрүлгөнүн билдирди.
  • Бишкек жылуулук электр борборундагы кырсык эски бөлүгүндө болду.
15:05 4.2.2024

Бишкектеги Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) кырсыктын кесепетин жоюу жана оңдоо үчүн 862 адис жана 18 техника иштеп жатат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 4-февралда кабарлагандай, борбордун ичиндеги сууну сордуруу иштери аяктады. Калыбына келтирүү жумуштары уланууда.

Жекшембиде өкмөттүн Медиа штабы 8 отказан, 4 турбогенератор иштеп жатканы, 727 үйгө ысык суу берилгенин билдирди.

2-февралда таңкы саат үчтөр чамасында ЖЭБде авария болуп, беш киши жабыркады. Абалы оор эки жумушчу дарылануу үчүн Түркияга жөнөтүлдү.

XS
SM
MD
LG