Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:13
Бишкек жылуулук электр борбору (ЖЭБ) жарылуудан кийин. 2-февраль, 2024-жыл.
Бишкек жылуулук электр борбору (ЖЭБ) жарылуудан кийин. 2-февраль, 2024-жыл.

ЖЭБдеги кырсык: Жаңы үйлөрдү борбордук жылуулукка кошууга тыюу салынат 

2-февралда таңкы саат үчтөр чамасында Бишкек жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) авария болуп, беш киши жабыркады.ит

  • Оор абалда жаткан эки бейтап дарылануу үчүн Түркияга жиберилди.
  • ЖЭБдин бузулган объектилерин калыбына келтирүү тапшырмасы берилди.
  • Садыр Жапаров Бишкек ЖЭБи толук модернизация болорун айтты.
  • Бишкектеги тогуз кичирайонго жылуулук берүү токтотулду.
  • Бишкек ЖЭБинде өзгөчө кырдаал режими жарыяланды.
  • Министр Ажикеев ЖЭБде диверсия болгон деген да божомол каралып жатканын айтты.
  • Авариядан беш адам жабыркап, экөөнүн абалы оор.
  • Бишкекте ысык сууга жана жылуулукка чектөө киргизилди.
  • ЖЭБдеги кырсык президенттин көзөмөлүндө экенин маалымат катчысы айтты.
  • ӨКМ ЖЭБдин иши беш-жети күндө калыбына келтириле турганын айтты.
  • ӨКМ жылуулук борбордон чыккан өрт толук өчүрүлгөнүн билдирди.
  • Бишкек жылуулук электр борборундагы кырсык эски бөлүгүндө болду.
17:35 2.2.2024

Министр Ибраев Бишкекке бүгүн жылуулук бериле турганын билдирди

Энергетика министри Таалайбек Ибраев бүгүн, 2-февралда саат 22:00-23:00дөрдө Бишкек шаарына толугу менен жылуулук бериле турганын билдирди. Ал жылуулук борборун калыбына келтирүүгө керектүү тетиктер жана кызматкерлер жетиштүү экенин маалымдады.

“Жеринде Бишкек ЖЭБдин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Чүй электр тармактар ишканасынын кызматкерлери иштеп жатышат. Азыр эки эмес, үч кезекке бөлдүк. Буюрса, жакын арада шаардагы бардык үйгө жылуулук барат деп жатабыз”, - деди Ибраев.

Мунун алдында Бишкек Жылуулук электр борборунан өндүрүлүп жаткан электр энергиясынын кубаттуулугу 150 мегаваттан 215 мегаваттка жогорулаганы, ал эми түтүктөр аркылуу 51 градус жылуулуктагы суу берилип жатканы маалымдалган.

21:38 2.2.2024

Башкы прокуратура Бишкек жылуулук борборундагы жарылуу боюнча кылмыш ишин козгоду

Башкы прокуратуранын маалымат кызматы Бишкек жылуулук электр борборундагы жарылуу боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди. Маалыматта айтылгандай, башкы көзөмөл органы жарылуу ЖЭБдин кызмат адамдары "өздөрүнө жүктөлгөн милдетин так аткарбаганы жана магистралдык түтүк өткөргүчтөрүн эксплуатациялоодо коопсуздук эрежелерин сактабаганы үчүн болду" деп эсептейт.

Бул кырсыктын айынан Бишкек шаарындагы турак жайларды, мекемелерди, ишканаларды жылуулук менен камсыздоо үзгүлтүккө учураган жана мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилгени жазылган.

Бул боюнча Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси (“Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу”), 317-беренеси (“Магистралдык түтүк өткөргүчтөрүн курууда, эксплуатациялоодо же оңдоодо коопсуздук эрежелерин бузуу”), 337-беренеси (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) беренелери менен кылмыш ишин козгоп, тергөө жүргүзүүнү УКМКга тапшырды.

Ошондой эле ЖЭБдеги кырсыкта террордук акт жана диверсия белгилери аныкталбаганы жазылган.

2-февралда таңкы саат үчтөр чамасында ЖЭБде жарылуу болуп, беш адам Бишкектеги "Тез жардам" борборуна түшкөн. Алардын экөөнүн абалы оор болгондуктан жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бир бейтаптын абалы орточо оор деп бааланууда. Эки киши үйүнө дарыланууга жөнөтүлдү.

Ушул тапта жылуулук борбордун кызматкерлери авариялык абалдын келип чыгуу себептерин аныктоо жана калыбына келтирүү боюнча иштерди жүргүзүп жатат. ЖЭБде өзгөчө кырдаал режими жарыяланды.

2-февралда өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында ЖЭБдеги абал 5-7 күндүн ичинде жөнгө салынарын айтты.

01:58 3.2.2024

Жабыркагандарды дарылоо үчүн түркиялык дарыгерлер келет

Алымкадыр Бейшеналиев менен Садыр Жапаров Бишкек ЖЭБиндеги жарылууда жабыркагандардан кабар алууда. 2-февраль, 2024.KYRGYZSTAN - Bishkek CHPP, Bishkek power station, Bishkek Thermal Power Plant
Алымкадыр Бейшеналиев менен Садыр Жапаров Бишкек ЖЭБиндеги жарылууда жабыркагандардан кабар алууда. 2-февраль, 2024.KYRGYZSTAN - Bishkek CHPP, Bishkek power station, Bishkek Thermal Power Plant

Жарылууда жабыркаган кызматкерлерди дарылоо үчүн 3-февралда Түркиядан эки дарыгер келет. Бул тууралуу өкмөттүн медиа штабы билдиргендей, зарыл болсо бейтаптар Түркияга жөнөтүлүшү мүмкүн.

Маалыматта саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Түркиянын Саламаттык сактоо министрлиги менен байланышканы, түркиялык тажрыйбалуу комбустиолог Корай Даш менен онлайн кеңешме өткөрөрү айтылат.

2-февралда таңкы саат үчтөр чамасында ЖЭБде жарылуу болуп, беш адам Бишкектеги "Тез жардам" борборуна түшкөн. Алардын экөөнүн абалы оор болгондуктан жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бир бейтаптын абалы орточо оор деп бааланууда. Эки киши үйүнө дарыланууга жөнөтүлдү.

Ушул тапта жылуулук борбордун кызматкерлери кырсык эмнеден болгонун аныктоо жана анын ишин калыбына келтирүүнүн аракетин көрүүдө. ЖЭБде өзгөчө кырдаал режими жарыяланды.

02:02 3.2.2024

Бишкек жылуулук борборундагы жарылууну мамлекеттик комиссия иликтейт

Бишкек ЖЭБиндеги кырдаал боюнча түзүлгөн ыкчам штабдын жыйыны. 2-февраль, 2024.
Бишкек ЖЭБиндеги кырдаал боюнча түзүлгөн ыкчам штабдын жыйыны. 2-февраль, 2024.

Бишкек жылуулук борборундагы аварияда имараттын бузулган жерлерин калыбына келтирүүгө 100дөн ашык куруучу тартылды. Бул тууралуу ыкчам штабдын 2-февралдын кечиндеги жыйынында Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев маалымдады.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышкан жыйында жылуулук борборундагы жарылуунун бир нече себеби такталган. Бирок өкмөттүн маалыматында кайсы себептер экени жазылган эмес.

Акылбек Жапаров кырсыкты изилдөө үчүн мамлекеттик комиссия түзүлүп, аны Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жетектей турганын билдирди. Мындан тышкары жарылууну териштирүүгө көмөктөшүү үчүн Орусиядан адистер келе турганы белгилүү болду.

Жыйында мамлекеттик мекемелерге медициналык жайларды, реабилитациялык борборлорду жана башка социалдык объектилерди жылуулук менен толук камсыз кылуу сыяктуу тапшырмалар берилди.

Мунун алдында өкмөттүн медиа штабы Бишкек жылуулук электр борборунда 12-от казан ишке киргизилгенин, ошону менен жалпы алты от казан иштей баштаганын билдирген. Түтүктөгү суунун ЖЭБден чыгып жаткандагы температурасы 65 градуска чейин жетип калганы кабарланды. Жылуулук борборунда жалпы 15 от казан бар.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG