Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:44
Бишкек жылуулук электр борбору (ЖЭБ) жарылуудан кийин. 2-февраль, 2024-жыл.
Бишкек жылуулук электр борбору (ЖЭБ) жарылуудан кийин. 2-февраль, 2024-жыл.

ЖЭБдеги кырсык: Жаңы үйлөрдү борбордук жылуулукка кошууга тыюу салынат 

2-февралда таңкы саат үчтөр чамасында Бишкек жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) авария болуп, беш киши жабыркады.ит

  • Оор абалда жаткан эки бейтап дарылануу үчүн Түркияга жиберилди.
  • ЖЭБдин бузулган объектилерин калыбына келтирүү тапшырмасы берилди.
  • Садыр Жапаров Бишкек ЖЭБи толук модернизация болорун айтты.
  • Бишкектеги тогуз кичирайонго жылуулук берүү токтотулду.
  • Бишкек ЖЭБинде өзгөчө кырдаал режими жарыяланды.
  • Министр Ажикеев ЖЭБде диверсия болгон деген да божомол каралып жатканын айтты.
  • Авариядан беш адам жабыркап, экөөнүн абалы оор.
  • Бишкекте ысык сууга жана жылуулукка чектөө киргизилди.
  • ЖЭБдеги кырсык президенттин көзөмөлүндө экенин маалымат катчысы айтты.
  • ӨКМ ЖЭБдин иши беш-жети күндө калыбына келтириле турганын айтты.
  • ӨКМ жылуулук борбордон чыккан өрт толук өчүрүлгөнүн билдирди.
  • Бишкек жылуулук электр борборундагы кырсык эски бөлүгүндө болду.
13:40 2.2.2024

Президент Садыр Жапаров авария болгон Бишкек ЖЭБине барды

Президент Садыр Жапаров 2-февралда Бишкек жылуулук борборуна (ЖЭБ) барып, кырсыктан кийин ал жайды калыбына келтирүү иштери менен таанышты. Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, ЖЭБдин ишин тез арада калыбына келтирүү боюнча тапшырмалар берилди.

Маалыматта бардык тиешелүү кызматтар күчөтүлгөн режимде иштеп жатканы айтылат.

13:30 2.2.2024

Акылбек Жапаров Алматыдан келип, жылуулук борборунда ыкчам жыйын өткөрүүдө

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек жылуулук борборундагы кырсыкка байланыштуу 2-февралда Алматы шаарындагы иш сапарын жыйынтыктап, Бишкекке келди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда ал Бишкек ЖЭБинде ыкчам штабдын жыйынын өткөрүп жатат.

Ал эми бүгүн Алматыда өтө турган Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына жана “Digital Almaty 2024: Industry X” эл аралык санарип форумуна Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Адылбек Касымалиев катыша турган болду.

Акылбек Жапаров иш сапары менен 1-февралда Алматы шаарына барган.

Энергетика министрлиги Жылуулук электр борборунда 2-февралда таңкы саат үчтөр чамасында жарылуудан улам авария болгонун кабарлады. Ушул тапта жылуулук борбордун кызматкерлери авариялык абалдын келип чыгуу себептерин аныктоо жана калыбына келтирүү боюнча иштерди жүргүзүп жатат. ЖЭБде өзгөчө кырдаал режими жарыяланды.

Саламаттык сактоо министрлиги ЖЭБдеги жарылуудан беш адам Бишкектеги Тез жардам борборуна түшкөнүн, алардын экөөнүн абалы оор болгондуктан жандандыруу бөлүмүндө жатканын маалымдады. Эки киши үйүнө дарыланууга жөнөтүлдү.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев 2-февралда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында ЖЭБдеги абал 5-7 күндүн ичинде жөнгө салынарын айтты.

11:18 2.2.2024

ЖЭБдеги авария: Бишкектеги тогуз кичирайонго жылуулук берүү токтотулду

“Бишкекжылуулукэнерго” ишканасынын директорунун орун басары Шаршенбек Сарыкеев Бишкек жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) 2-февралда болгон авариядан улам борбордо канча районго жылуулук берүү токтотулганын айтты.

Анын сөзүнө караганда, Бишкектин №3, 5, 6, 7, 11, 12 кичи райондоруна, жана 8-кичи райондун бир бөлүгүнө, “Улан”, “Көк жар” кичи райондоруна жылуулук берүү токтотулду.

Андан тышкары борбор калаанын абоненттерине ысык суу берүүдө чектөө киргизилди. “Биз жылуулук берүүнү үзгүлтүккө учуратпаш үчүн ысык суу берүүгө чектөө киргиздик” деди Шаршенбек Сарыкеев.

10:51 2.2.2024

Министр Ажикеев: ЖЭБде диверсия болгон деген да божомол бар

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Бишкек жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) авария боюна эки версия каралып жатканын билдирди.

“Камчыбек Кыдыршаевичтин тапшырмасы менен диверсия болгон деген да божомол каралып жатат. Анткени түнкү саат үчтөр чамасында катуу үндөр чыккан. Биз ошондой эле техногендик себепти да жокко чыгарбайбыз”, - деди ал.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG