Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:23

Украинанын бир нече аймагына дрон жана авиабомба менен чабуул жасалды


Украина. Архивдик сүрөт.
Украина. Архивдик сүрөт.

Өткөн түнү Украинанын аскердик-аба күчтөрү Орусиянын төрт Shahed жанкечти дронунун экөөнү атып түшүргөнү бүгүн 1-февралда кабарланды. Эки дрон тең Харьков облусунун аймагында атып түшүрүлдү, Днепропетров облусунда да жарылуулар болду.

Башкарылуучу авиабомба түшкөн Харьков облусунун Большой Бурлук айылында райондук оорукананын имараты жабыркады.

Херсон облусу соңку суткада 23 жолу аткыланып, 106 снаряд түшкөнүн облустук администрациянын башчысы Роман Мрочко билдирди. Анын айтымында, алты киши жараат алды, алардын биринин абалы оор, айрым райондордо суу токтоп, электр жарыгы өчтү.

Жалпысынан соңку суткада Орусия сегиз жолу ракеталык, 94 авиациялык чабуул жасап, украиналык аскерлердин турумдарына жана калктуу пункттарга жапырт аткылуучу реактивдүү системалардан 97 жолу чабуул койгонун Украинанын Башкы штабы билдирди.

Орусия түндө чек ара тилкесинде Украинанын беш дронун, эртең менен дагы бешөөнү атып түшүргөнүн маалымдады. (RK)

XS
SM
MD
LG