Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:25

Азия кубогу: 1/8 финалдык беттештер аяктады


Ирандын футбол боюнча курама командасы Азия кубогунун 1/8 беттешинен кийин. 31-январь, 2024.
Ирандын футбол боюнча курама командасы Азия кубогунун 1/8 беттешинен кийин. 31-январь, 2024.

Катарда өтүп жаткан Азия кубогунун плей-офф баскычынын 1/8 финалындагы беттештер аяктап, чейрек финалга өткөн командалар аныкталды. 31-январда Жапония Бахрейнди 3:1 эсебинде жеңди. Соңку беттеште Иран менен Сирия 90 мүнөттө 1:1 эсеби менен тең чыгып, кошумча берилген жарым саатта да эсеп өзгөргөн жок. Пенальтилер сериясында ирандык курама команда 5:3 гол айырмачылыгы менен чейрек финалга чыкты.

1/8 финалдык оюндарда Австралия Индонезияны 4:0, Тажикстан Бириккен Араб Эмиратын пенальтиден 5:3 менен жеңди. Ирак Иорданиянын курамасына 3:2 эсеби менен жеңилип, кубоктон четтетилди. Үй ээси Катар Палестина менен 2:1 эсебинде ойносо, Өзбекстан да Тайландды ушундай эле эсеп менен утту.

Түштүк кореялык оюнчулар Сауд Арабиясы менен тең чыгып, пенальтиден 4:2 менен жеңди. Ошентип чейрек финалга сегиз команда чыкты.

Чейрек финалдын жадыбалы төмөнкүдөй:

  • 2-февралда Тажикстан-Иордания, Австралия-Түштүк Корея;
  • 3-февралда Иран-Жапония, Катар-Өзбекстан беттештери өтөт.

Жеңген командалар жарым финалга чыгып, 6-7-январда беттешет. Азия кубогунун финалдык оюну 10-февралга белгиленген.

12-январда башталган Азия кубогуна жалпы 24 өлкө, анын ичинде Кыргызстандын курама командасы да катышып, тайпалык баскычтан чыга албай калган. Кубоктун эрежеси боюнча 24 команданын ичинен 16сы плей-офф баскычына тандалып алынган.

Азия кубогу төрт жылда бир болот. Буга чейин 18 жолу өткөн мелдештерде Жапония төрт жолу, Сауд Арабиясы менен Иран үч жолудан, Түштүк Корея эки ирет чемпион болсо, Кувейт, Катар, Австралия, Израил жана Ирак курамалары бир жолудан чемпион болгон.

XS
SM
MD
LG