Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:13

Быйыл дыйкандарга 7 млрд сомдук жеңилдетилген насыя берилет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Быйыл “Айыл чарбасын каржылоо-12” долбоорунун алкагында дыйкандарга 7 миллиард сомдук жеңилдетилген насыя берилет. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев парламенттин 1-февралдагы жыйынында билдирди. Анын айтымында, бул каражат былтыр 3,3 млрд сомду түзгөн. Мындан сырткары "Агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоору боюнча 9,9 млрд сом бекитилген.

Министрдин айтымында, быйыл өсүмдүктөрдү себүү аянтын 1 млн 236 миң гектарга жеткирүү болжолдонууда. Бул мурдагы жылдарга караганда 4 миң гектарга көп. Төрөбаев буудай, кант кызылчасы жана май өсүмдүктөрүнүн аянтын көбөйтүү жаатында иш алынып барыларын кошумчалады. Ошондой сугат сууну натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдалануу иштери жүрө турганын айтты.

Былтыр жазында “Айыл чарбасын каржылоо-11” долбоорунун алкагында 6,3 миңдей дыйканга жеңилдетилген насыя берилген жана анын жалпы суммасы 2,9 млрд. сомго жакын. Айыл чарба министрлиги каражат негизинен айыл чарба өсүмдүктөрүн айдоого, мал чарбачылыгына бөлүнгөнүн билдирген.

Жыл сайын жеңилдетилген насыя дыйкандарга кеч берилип жатканы сынга алынып келет.

2022-жылы бөлүнгөн насыянын теңи гана берилгени белгилүү болгон жана буга байланыштуу Жогорку Кеңеште маселе көтөрүлгөн. Анда насыялар кечиктирилип берилгени, банктарда кезек күткөндөр арбын болгону айтылган. Айрым депутаттар жеңилдетилген насыя алчу компаниялар арасында өкмөт мүчөлөрүнүн, депутаттардын компаниялары бар экенин билдирген.

Кыргызстанда дыйкандарга жеңилдетилген насыя берүү 2011-жылы башталган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG