Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:24

Министр Төрөбаев күйүүчү-майлоочу май боюнча маселе жаралбай турганын айтты


Жүгөрү талаасын сугарып жаткан дыйкан. Ысык-Ата району, Чүй облусу. 2023-жыл, 14-июль.
Жүгөрү талаасын сугарып жаткан дыйкан. Ысык-Ата району, Чүй облусу. 2023-жыл, 14-июль.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги быйыл жазгы талаа иштерине байланыштуу жети багытта иш алып барат. Алар: сапаттуу үрөндү даярдоо, жер семирткич менен камсыздоо, күйүүчү-майлоочу май менен камсыз кылуу, техникалык даярдык, жеңилдетилген насыя берүү, өсүмдүк себилген аянттарды оптималдаштыруу жана сугат суу менен камсыздоо.

Бул тууралуу 1-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев билдирди. Сессияда депутаттар жазгы талаа иштерине даярдык боюнча өкмөттүн маалыматын угуп жатат.

Төрөбаев быйыл күйүүчү-майлоочу май боюнча кризис жаралбай турганын айтты.

"Үрөндөрдү даярдоо уланып жатат. Алдын ала эсептөө боюнча үрөндөрдүн бардык турлөрү боюнча 98% жеткизебиз. Бүгүнкү күндө 10 миң тонна жер семирткич бар. Бул аз, кечээ "Бай дыйкан" компаниясы менен кол коюлду. Жер семирткич боюнча милдеттенме алышты. Алдын ала эсептөөлөр боюнча жер семирткичтер менен 45-47% камсыздалат. Күйүүчү-майлоочу майлар боюнча көйгөй жаралбайт. Мунай ташуучулар менен сүйлөшүп чыктым, бул багытта кризис же коркунуч байкалбайт".

Буга чейин аталган министрлик жазгы талаа иштерине даярдык көрүлүп жатканын, быйыл “Айыл чарбасын каржылоо-12” долбоорунун алкагында дыйкандарга 7 миллиард сом жеңилдетилген насыя берилерин билдирген. Жер-жерлерде штабдар түзүлүп, иш алып бара баштаганы айтылган.

Министрдин орун басары Маил Алияскаров быйыл дыйкандарга буудай, кант кызылчасы жана май өсүмдүктөрүнүн аянтын көбөйтүп, картошка менен пахта аянттарын азайтып, анын ордуна кант кызылчасын эгүү сунушталып жатканsн 29-январда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында билдирген.

Былтыр жазында “Айыл чарбасын каржылоо -11” долбоорунун алкагында 6,3 миңдей дыйканга жеңилдетилген насыя берилген, анын жалпы суммасы 2,9 млрд. сомго жакын. Айыл чарба министрлиги каражат негизинен айыл чарба өсүмдүктөрүн айдоого, мал чарбачылыгына бөлүнгөнүн маалымдаган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG